Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:21

Украинада дрон чабуулунан адамдар каза болду, Зеленский 500 миң аскер чакыруу зарылчылыгы жоктугун айтты


Харьков. 2024-жылдын 4-апрели.
Харьков. 2024-жылдын 4-апрели.

4-апрелге караган түнү Орусия Украинанын бир нече аймагына учкучсуз учактар менен чабуул койгонун украин аскерлери билдиришти. Жалпысынан 20 согуштук дрон учурулганы, алардын 11ин атып түшүрүшкөнү маалымдалды.

Харьковдо кеминде төрт кишинин өмүрү кыйылды, 12 киши жараат алды.

Украин президенти Владимир Зеленский Харьковдогу кош чабуулду «жүзүкаралык жана кыянаттык менен жасалган кол салуу» деп атады.

Шаар мэри Игорь Терехов Telegram социалдык түйүнүнө жарыялаган сүрөттөрдөн 14 кабат үй, «Тез жардам» машинасы талкаланганын көрүүгө болот.

3-апрелде Финляндиянын президенти Александр Стубб менен жолугушуудан кийинки пресс-конференцияда Зеленский аскерге 500 миң кишини мобилизациялоо зарылчылыгы азырынча жок экенин айтты. Бирок, анын белгилешинче, бул «адилеттик маселеси», анткени азыр согуш талаасында жүргөндөр нааразылык айтпаганын алар эс албашы же ордуна башкалар барбашы керек деп кабыл алуу туура эмес. Былтыр 19-декабрдагы пресс-конференцияда Зеленскийдин аскерге 500 миң кишини чакыруу тууралуу сунуш болуп жатканы жөнүндөгү билдирүүсү кызуу талкуу жараткан.

2-апрелде украин президенти аскерге мобилизациялоого 27 эмес, 25 жаштан алуу тууралуу мыйзамга кол койду.

Стубб менен өткөргөн биргелешкен пресс-конференцияда Зеленский Орусия быйыл 1-июнга карата кошумча 300 миң аскерди кошумча мобилизациялаганы жатканын айтты.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков украин президентинин бул билдирүүсүн четке какты. (RK)

XS
SM
MD
LG