Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:38

Казакстан: Сотто Нукенова боюнча экспертизанын жыйынтыгы айтылды


Салтанат Нукенова.
Салтанат Нукенова.

Казакстанда аялын өлтүрүүгө айыпталып жаткан экс-министр Куандык Бишимбаевдин иши боюнча сот уланууда. 4-апрелдеги отурумда жабыркаган тараптын адвокаты Жанна Уразбахова соттук-медициналык экспертизанын өлүмдүн себеби тууралуу тыянагы менен тааныштырды.

Жактоочунун айтымында, Нукенова баш сөөгүнөн жана мээсинен алган травмадан кийин борбордук нерв системасынын, жүрөгүнүн иши жана дем алуусу токтоп калгандыктан каза болгон. Уразбахова Нукенованын мээсинде буга чейин кандайдыр бир органикалык патологиясы болгон эместиги аныкталганын кошумчалады.

3-апрелдеги отурумда Бишимбаев өзү көрсөтмө берип, окуяны трагедия катары мүнөздөгөн жана чырды Нукенова өзү кол көтөрүп баштаганын, аны өлтүрбөгөнүн айткан.

Бишимбаевдин соту 11-мартта башталган. Прокурор белгилегендей, мурдагы министр былтыр ноябрда аялын бир нече саат тынымсыз сабаган. 31 жаштагы Салтанат Нукенова алган жараатынан эсине келбей көз жумган.

30-ноябрда ачылган кылмыш иши “адам өлтүрүү” беренесинен “өзгөчө ырайымсыздык менен киши өлтүрүү” беренесине өзгөртүлгөн.

Куандык Бишимбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда Экономика министрлигин жетектеген. 2018-жылы коррупцияга айыпталып, 10 жылга камалган. Ага Кызылорда айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн бир миллиард теңгени кымырып алган деген айып тагылган, бирок 2019-жылы мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Анын аялынын өлүмү Казакстанды нес кылып, зордук-зомбулукка каршы жазаны катаалдатууну талап кылган акция башталган. (RK)

XS
SM
MD
LG