Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:18

Жети-Өгүздө 37 жаштагы аялдын өлүмүнө шектүү камалды


Милиция тараткан сүрөт.
Милиция тараткан сүрөт.

Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын тургуну аны менен чогуу жашаган аялды өлтүрүүгө шек саналып кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы 4-апрелде билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-февралда Жети-Өгүз райондук милициясына телефон аркылуу билдирүү түшүп, Кызыл-Суудагы таштандынын жанында 35-40 жаштагы аялдын сөөгү табылганы кабарланган.

Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, каза болгон адам 1987-жылы туулган аял экенин аныктап, денесинен тактарды байкашкан. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында ал киши колдуу болгону такталган.

Бул окуя боюнча райондук милиция Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоп, шектүү катары ошол эле айылдын 52 жаштагы тургуну кармалган.

“Шектүүнүн айтымында, каза болгон аял менен чогуу жашап келишкен. Ошол күнү экөөнүн ортосунда пикир келишпестик чыгып, маркумдун башына балка менен уруп, моюнун толгоп өлтүргөн. Ошондой эле анын сөөгүн ашканада тогуз күн кармап, андан кийин үйүнүн жанында жайгашкан таштанды жайдагы дарактын жанына таштап кеткен”, - деп айтылат милициянын маалыматында.

Жети-Өгүз райондук соту шектүүнүн бөгөт чарасын карап, эки айга камакка алды.

WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюму 24-октябрда өзүнүн 2023-жыл үчүн даярдалган отчётун жарыялады. Анда Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде 95-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү сапка жайгашкан.

Бишкектеги Кут жаңы конушунда үч баланын энеси мурдагы күйөөсүнүн колунан каза тапканы 4-апрелде белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG