Уганда соту ЛГБТга каршы мыйзамды колдоду

Уганда. Иллюстрациялык сүрөт.

Уганданын Конституциялык соту бүгүн 3-апрелде ЛГБТ коомчулугуна каршы мыйзамды жокко чыгаруу же токтотуу тууралуу өтүнүчтү четке каккан чечим чыгарды. Сот бир жыныстагы адамдардын жакын байланышы үчүн өлүм жазасы каралган норманы өзгөртүүсүз калтырды, бирок мыйзамдагы айрым жоболорду адамдын кээ бир фундаменталдык укуктарына каршы келет деп тапты.

Талаштуу мыйзам 2023-жылдын май айында кабыл алынган. Кумсаларга каршы багытталган дүйнөдөгү эң катаал мыйзам катары сыпатталган документ адам укугун коргоо уюмдарынын жана бир катар Батыш өлкөлөрүнүн айыптоосун жараткан.

Жергиликтүү активисттердин айтымында, ошондон бери Угандада ЛГБТ өкүлдөрүнө карата ар кандай өкүмзордук күчөдү – аларды кыйноого алып, зордуктап, камап, башка жакка көчүп кетүүгө мажбурлап жатышат.

Бүгүнкү отурумда сот «саламаттыкка, жеке жашоонун кол тийбестигине жана диний эркиндикке каршы келген» айрым нормаларды гана негизсиз деп тапты.

35 миллионго чукул калкы бар Уганда Африка континентиндеги калкынын 40% жакырчылыкта жашаган өлкө. (RK)

Дагы караңыз

WP: АКШ "Крокуста" теракт болушу ыктымалдыгын Орусияга эки апта мурда эскерткен"Кооптуу тенденция": Орусияда кыргыз жараны "терроризмди актаган" деп айыпталууда Түркия: Шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккандар кармалды Беларуста оппозицияга жардам берген киши алты жылга эркинен ажыратылды