Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:01

"Кооптуу тенденция": Орусияда кыргыз жараны "терроризмди актаган" деп айыпталууда


2024-жылдын 27-марты. Москва. "Крокус Сити Холлдогу" кол салуудан кийин эл Кызыл аянтка катуу текшерүүлөрдөн кийин киргизилип жаткан учур.
2024-жылдын 27-марты. Москва. "Крокус Сити Холлдогу" кол салуудан кийин эл Кызыл аянтка катуу текшерүүлөрдөн кийин киргизилип жаткан учур.

Орусияда Кыргызстандын жараны "Крокус Сити Холлдогу” кандуу кол салуу жөнүндө сүйлөшкөнү үчүн кармалып, ага "Терроризмди ачык актоо” беренеси менен кылмыш иши козголду. Анын эмне жөнүндө жана ким менен сүйлөшкөнү азырынча белгисиз.

Тышкы иштер министрлиги жана Москвадагы элчилик Орусиянын тергөө органдарына суроо-талаптар жөнөтүлгөнүн маалымдады. Укук коргоочулар мындай көрүнүштөрдү кооптуу жагдай деп баалап, мигранттарды тооруган тобокелчиликтер көбөйгөнүн белгилеп жатышат.

Кыргызстандык жаранга тагылган айып

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын жараны Москвада "Крокус Сити Холлдогу” кандуу кол салуу жөнүндө сүйлөшкөнү үчүн кармалганы тууралуу билдирүү таратты. ТИМдин маалыматына караганда, А.Ж.А. аттуу кыргыз жаранына Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 205.2-беренесинин 1-бөлүгү (“Терроризмди ачык актоо”) боюнча иш козголгон. Расмий маалыматта кылмышка шектүү эмне жөнүндө сүйлөшкөнү тууралуу маалыматты ачыкталган эмес.

"Кыргызстандын Москвадагы дипломатиялык өкүлчүлүгү жогорудагы кылмыш иши боюнча алдын ала тергөөнүн жүрүшү тууралуу толук маалымат алуу үчүн Орусиянын тергөө органдарына тиешелүү суроо-талаптарды жөнөткөн”, - деп айтылат расмий маалыматта.

ТИМ бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө экенин жана зарыл учурда укуктук жардам көрсөтүлөрүн кошумчалады.

Буга чейин ушундай эле “Террорчулукту актоо” беренеси менен Өзбекстандын жараны эки айга камалган. 31 жаштагы жигит шаардагы дүкөндөрдүн биринде “Крокус Ситидеги” кол салууну актаган пикирин ачык айткан. Ал эмне деп айтканы так белгисиз.

Мунун алдында сот тажикстандык студент, 26 жаштагы Баходур Зухуровду ушул берене боюнча айыптап, эки айга камаган. Сот аны Телеграмга чыгарган видеосу менен террористтик уюмду колдоду деп айыптаган.

"Кооптуу тенденция"

Укук коргоочулар жана мигранттар менен иш алып барган юристтер бул көрүнүштү кооптуу тенденция деп баалап жатышат. Миграция боюнча адис Мирлан Токтобеков бул көрүнүштү орус күч түзүмдөрүнүн “репрессиялык жаңы ыкмасы” деп атады.

"Бул өтө кооптуу тенденция. Борборазиялык мигранттарды коркутуу, сестентүү жүрүп жаткандай. Бул жарандын сүйлөшкөн сөзү үчүн кармалышы - Орусиянын күч түзүмдөрүнүн репрессиялык ыкмаларынын жаңы түрү деп эсептейм. Кыргызстандын элчилиги кармалган жаран “терроризмди актаганын” такташы керек. Кандайдыр экспертизадан өткөрүп, такташы керек. Мындай боло берсе, анда баарыбыз, Орусиядагы мигрант жердештер телефондон да кенен сүйлөшө албай калат деген корутундуга келебиз".

Орусияда мигранттарга каршы рейддер, текшерүүлөр соңку бир жылда күчөгөн. Бирок "Крокус Сити Холлдогу" окуядан кийин башка улуттагыларга мамиле өзгөрүп, күч кызматкерлеринин басымы күч алганы айтылууда.

Бул тууралуу "Азаттык" менен сүйлөшкөн кыргызстандык мигрант Зафоржон дагы белгиледи. Ал Москвадагы фитнес-клубда тазалык кызматкери болуп иштейт. Ал иштеген жерде негизинен кыргызстандыктар эмгектенишет. Ал соңку окуядан кийин текшерүүлөр эпсиз көбөйгөнүн айтып берди.

“Бизде текшерүү аябай күчөдү. Документтерди текшерип атышат. Кечинде биз иштеген жерге күч кызматкерлери келип, кыйла тополоң болду. Залда жардыргыч зат орнотулган болушу мүмкүн деп, баарыбызды текшерип, кароолдон бери сыртка чыгарып салды. Түнкү саат экиге чейин иттер менен текшерип, анан гана залга киргенге уруксат беришти. Башка жактарды билбейм, бирок Москвада аябай катаал текшерүү болуп жатат. Мүмкүн болсо, бул жакка азыр иштегени келбей, бир аз күтө турган макул”.

Чет өлкөлүктөр басымдуу кылган базар, соода борбор жана мекемелер текшерилип жатканы тууралуу жергиликтүү бийлик, тартип коргоо органдары дагы маалымат таратып жатат. Анын жыйынтыгында кармалып өлкөдөн чыгарылгандар, депортация болгондор да болууда.

"Эл көп жерлерге барбагыла"

Коомдук ишмер, Москвадагы Кыргыз диаспорасынын лидерлеринин бири Улан Кошматов текшерүүлөр көбөйгөнүн ырастап, кыргызстандыктарды эл көп чогулган жерлерге барбай турууга чакырып жатышканын билдирди.

"Теракттан кийин Москвада күч органдары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Метро, көчөлөрдө ОМОН, ГАИ кзыматкерлери турат. Полиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Чындыгында текшерүүлөр болуп жатат. Элди "документтерге так болгула, эл көп жыйналган жерлерге барбагыла" деп чакырып жатабыз. Азыр орозодо той-аштар, ооз ачыруу дагы болуп жатат".

Ал эми Туратбек иштеген базарда басымдуу бөлүгү чет элдиктер, көбүнчө борборазиялыктар иштейт. Ал жерде полиция автобустар менен келип күзөтүп, байкоо салып жүргөнүн, мигранттар эки-жакка ашыкча баспай калганын айтууда.

"Мен иштеген базарда 70% тажиктер. 10% кыргыздар, дагы ушунчасы вьетнамдыктар, кытайлар. Окуя болгондон кийин чоң-чоң автобустарын токтотуп коюп кетип жатышкан. Биз жакты дагы текшерет деп жатышат".

Орусияда иштеп жаткан дагы бир кыргызстандык орус паспорту бар, бирок аскердик каттоодо турбаган борборазиялыктар дароо эле аскер комиссариаттарына жеткирилип жатканын айтты. Биз менен маектешкен адам белгилүү себептерден улам атын атаган жок.

"Рейддер жүрүп жатат. Орусиянын бардык аймагында эле текшеруү жүрүп жатат. Сырттан келген жарандарды коомдук жайлардан, кафелерден, көчөдөн кармап текшерүүдө. Күч органдары орус паспорту болгондорду деле автобуска салып кетип жатат. Эгер аскердик каттоодо жок болсо аскер комисариатына, орус жарандыгы жок болгондордун буга чейинки мыйзам бузуулары бар-жогун базадан текшерип, ошого жараша айып пул салып же депортациялашууда. Орусияга келгенден берки кыпындай мыйзам бузуусу болсо дагы текшерип жатышат".

Орусиядагы мигранттардын абалы Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн. Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 1-апрелдеги жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев маалымат берген. Имангазиевдин айтымында, "Крокус Ситидеги" кандуу окуядан кийин ар кандай себептер менен 69 кыргызстандык Орусияга киргизилген эмес. "Крокус Ситидеги" кандуу окуядан кийин жоголгон эки кыргыз кызынын ДНК анализдери даяр боло элек. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык эки кыз - Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнүн каза тапкандардын болжолдуу тизмесине кошкон болчу.

Теракттан кийинки текшерүүлөр

22-мартта Москванын чет жакасындагы "Крокус Сити Холл" борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болгон. Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын маалымдаган. Алардын ону тергөө абагына камалды. Камалгандардын сегизи теги тажикстандык экени белгилүү болгон.

"Крокус Сити Холлдогу" окуядан кийин каза болгондор 144кө жетти.

Ушул окуядан кийин депортация болгон же өлкөгө кире албай артка кайтарылган борбор азиялыктардын саны көбөйгөн. Азырынча алардын так саны белгисиз.

Буга чейин Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан миграциялык мыйзамдарды бузууга айыпталган 400дөн ашуун чет өлкөлүк жаран депортациялана турганын аталган шаардын сотторунун басма сөз кызматы кабарлаган.

“Важные истории” сайты Москвада акыркы аптада сотторго миграциялык мыйзам бузуулардан улам 1,5 миңге чукул иш түшкөнүн билдирген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 56,5 миңдей жаран Орусиянын "кара тизмесинде".

Расмий маалыматка караганда, Орусияда эмгектенген кыргызстандык мигранттардын саны соңку 1-2 жылда дээрлик 200 миңге жакын же 40 пайызга кыскарган. ТИМдин маалыматына караганда, Орусияда учурда 400 миңдей кыргызстандык иштейт. 500миңдейи орус паспортун алышкан.

"Тажик мигранттары кысымга көбүрөк кабылууда"

2-апрелде Масква соту "Крокус Сити Холлдогу» терактка байланыштуу 10-кишини камакка алды. Тажикстандын 25 жаштагы жараны Якубжон Юсуфзода кол салууну ишке ашыргандардын батир акысын каржылаган деп айыпталууда. Иш боюнча шек саналып камалгандардын сегизинин теги тажик болгондуктан ал өлкөдөн келген мигранттар аларга өзгөчө катаал мамиле кылынганын, ксенофобияга көп кабылганын айтышат.

Ашканада иштеген тажикстандык келин "Озоди" радиосуна маек куруп, бирок атын атабоону өтүнгөн. Ал акча табуу үчүн оорукчан баласын үйүндө таштап коюп Орусияга келген.

«Лифтте тааныштарыбыз менен учурашсак, алар жооп берген жок. Жумушта көбү телевизордон жаңылыктарды тынбай көрүп отурушат. Тажиктердин бардыгын чыгарып салуу чакырыктыры көп айтылууда. Мен андай сөздөргө "терроризмдин улуту жок" деп айтам. Тажиктердин бардыгын жаман деп айтуу туура эмес».

3-апрелде тажикстандык үч мигрантка Орусияга өмүр бою кирүүгө тыюу салынганы белгилүү болду. "Озоди" радиосунун маалыматына караганда, казак-орус чек арасындагы «Караузек» пунктунда себебин түшүндүрбөстөн алардын паспортторуна тиешелүү мөөр басылды. Тажик жарандары миграция эрежелерине ылайык Орусиядан чыгып, кайра кирмек.

Орусиянын жер-жеринен түшкөн кабарларга караганда, тажик улутундагы такси айдоочуларынын кызматынан баш тарткандар көбөйдү.

Тажикстандын эмгек министринин орун басары Шахноза Нодири тажик жарандары Орусиядан жапырт кетип жатканын билдирди. Анын айтымында, ушу тапта Тажикстанга кайтып жаткандардын саны Орусияга иштөөгө кетип аткандардан ашты. Нодири күнүмдүк турмушта Тажикстандын жарандары кысымга туш болгонун, министрликтин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө теракттан кийин коркутуулар түшкөнүн айтты.

Орусиядагы тажик мигранттарынын саны бир миллиондон ашат.

Ксенофобиялык чакырыктардын фонунда Борбор Азиянын жарандары үчүн виза режимин киргизүү талабы расмий адамдар жана катардагы орусиялыктар тарабынан көбүрөөк жаңырууда. Самарадагы улутчул "Северный человек" тобу Телеграм-каналына жарыялаган видеодо мындай талаптарын койду:

"Биз мигранттардын келип иштешине каршы эмеспиз. Бирок алар эмгек визасы менен келиш керек. Мигранттардын үй-бүлөлөрүн көзөмөлсүз алып келүүгө каршыбыз, себеби биздей орус жарандарынын эсебинен толукталып жаткан бюджетке күч келүүдө. Биздин ага-инилерибиз фронтто согушуп, өмүрлөрүн берип жаткан чакта радикал маанайдагы исламчыл мигранттарды отурукташтыруу аркылуу орус шаарларын басып алуу аракети көрүлүүдө".

Ошол эле маалда орус бийлиги ксенофобияга жол берилбеши керектигин расмий айтып келет.

Юристтер мигранттарды текшерүү көп учурда мыйзам бузуулар менен коштолгонуна, аларды полиция бөлүмүндө сааттап кармап турушканына, укуктары сакталбаганына көңүл бурушат.

XS
SM
MD
LG