Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:37

Беларуста оппозицияга жардам берген киши алты жылга эркинен ажыратылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Беларуста оппозиция өкүлдөрүнө жардам берген жергиликтүү бир тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн 3-апрелде "Вясна" укук коргоо борбору билдиргенин «Азаттыктын» белорус кызматы жазды.

Минск облустук сотунун бүгүнкү өкүмү менен 57 жаштагы Александр Верасович «эки оппозициялык топко каржылык жардам көрсөткөн» деген айып боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал алты жылга эркинен ажыратылды.

Тергөөдө Верасович «экстремисттик топторго каржылык жардам берген» деп, репрессияга кабылган белорус активисттерине жана журналисттерине колдоо көрсөтүүчү BySol фондуна жана Орусиянын Украинага кол салуусуна каршы күрөшүп жаткан белорус жарандарынан турган Кастусь Калиновский атындагы полктун мүчөлөрүнө PayPal системасы аркылуу акча которгону айтылган.

Беларуста бийликке сын көз карашы менен белгилүү саясатчы, 50 жаштагы Дмитрий Кучук 16-февралда кармалганы да маалым болду. Бул тууралуу "Вясна" 2-апрелде билдирди. Ал Орусияда абакта белгисиз жагдайда каза тапкан оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйды эскерүүгө аракет кылып жаткан жеринен «коомдук тартипти одоно бузуу» деген айып менен кармалганы айтылды.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдагы шайлоодо 69 жаштагы Александр Лукашенко добуштардын 80% көбүнө ээ болгонун жарыялаган, бирок оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө башаламандык тутанып, анын баары күч менен басылган, миңдеген киши кармалган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.

Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди, активисттерди кармоо күчөгөн, алардын көбү абакта отурушат. (RK)

XS
SM
MD
LG