Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:48

Түркия: Шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккандар кармалды


ДЕМ партиясынын тарапкерлери. Диярбакыр шаары. 31-март, 2024-жыл
ДЕМ партиясынын тарапкерлери. Диярбакыр шаары. 31-март, 2024-жыл

Түркияда 31-мартта өткөн муниципалдык шайлоодон кийин уруксат берилбеген жерлерде нааразылык акцияларга катышкан 89 киши кармалганын ички иштер министри Али Йерликая Х баракчасына жазды. Маалыматта акциянын катышуучулары жикчил топту колдоп, полицияга каршы чыкканы айтылат.


Жекшембидеги шайлоодо күрддөрдүн ДЕМ партиясынан Ван шаардык муниципалитетинин башчысы болуп шайланган Абдуллах Зейдандын шайлоо укуктары алынгандан кийин көптөгөн облустарда нааразылык акциялары башталган. Ван, Хаккари, Йүксекова, Сиирт, Батман, Шырнак жана Измир шаарларында он миңдеген кишилер көчөлөргө чыгып, полицияга таш ыргытышкан.

Мындан улам 3-апрелден тарта Ван, Сиирт жана Битлис провинцияларында ар кандай демонстрацияларга жана жөө жүрүштөргө 15 күн тыюу салынып, комменданттык саат киргизилди.

Расмий Анкара "Күрд жумушчулар партиясынын" катарындагыларды "террорчулар" деп атап, алардын ишмердигине тыюу салынган.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, күрддөр Түркиянын калкынын 15-20% түзөт. Алардын жалпы саны 12,5 миллиондон 15 миллионго чейин жетери айтылып келет.

Түркияда жекшембидеги муниципалдык шайлоолордун алдын ала жыйынтыгы боюнча баш калаа Анкара, Стамбул, Измир, Анталия жана Бурса сыяктуу 14 ири шаарда оппозициячыл Элдик-республикалык партия 37% добушка ээ болуп, атаандаштарынан алдыга чыкты. Бийликтеги "Адилеттүүлүк жана Өнүгүү" партиясы жарышта экинчи орунда ээлеп, 22 жылдык башкаруусунда биринчи жолу шайлоодо утулду. Ал эми күрддөрдүн ДЕМ партиясы 5,6% добуш менен жети провинциянын жергиликтүү бийлигин башкаруу укугун алды.

Түркиянын 85 миллион калкы бар. Добуш берүүгө 61 миллиондон көп киши катталган.

Бул Түркиядагы соңку он ай ичиндеги үчүнчү шайлоо болуп саналат. Былтыр президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 14-майда, экинчи айлампасы 28-майда өткөн. Анда Эрдоган добуштардын 52,14% алып, президенттикке шайланган. (ElB)

XS
SM
MD
LG