Түндүк Корея жаңы ракетасын сыноодон өткөргөнүн билдирди

Түштүк Кореянын телеканалы Түндүк Кореянын жаңы ракеталык сыноосу тууралуу көрсөтүүдө.

Түндүк Корея гипер ылдамдыкта орто аралыкка катуу отун менен учуучу жаңы ракетасын сыноодон өткөргөнүн бүгүн 3-апрелде билдирди. Сыноо ийгиликтүү өткөнү болжолдонууда.

Авторитардык лидер Ким Чен Ын анын өлкөсү катуу отундун негизинде иштей турган система түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонун, мындай системалар өзөктүк куралды бардык алыстыктагы ракеталар үчүн алып жүрүүгө жөндөмдүү экенин айтты.

Бул окуя Түндүк Кореянын кошуналары жана Кошмо Штаттар менен болгон ядролук курал жаатындагы тирешин дагы тереңдетиши ыктымал.

Өлкөнүн мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын жаңы ракета тууралуу кабары Түштүк Корея менен Жапониянын аскер кызматкерлери Түндүк Корея Чыгыш деңизи тарапты көздөй ракета учуруп жатканын аныкташкандын эртеси жарыялашты. (RK)

Дагы караңыз

Түркия авторитардык башкаруудан арылабы?Бишкек ЖЭБин оңдоого ТВЕА компаниясы менен меморандум түзүлдүДепутат жогорку билими жок психологдордун кызматына тыюу салууну сунуштады Кемпир-Абад иши: Абактагылар соттун жабык өткөнүнө нааразылык билдирди