Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:30

Бишкек ЖЭБин оңдоого ТВЕА компаниясы менен меморандум түзүлдү


Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ).
Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ).

Кыргызстан-Кытай бизнес форумунун жыйынтыгында 1 млрд 151 млн долларлык келишим жана меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттиги кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы кол коюлган келишим, меморандумдарга ылайык кайсы долбоорлор ишке ашарын жарыялады. Бирок долбоорлордун суммасы көрсөтүлгөн эмес. Алардын арасында Бишкек жылуулук борборунун (ЖЭБ) №3 жана №4 блокторун толук оңдоо боюнча кытайлык ТВЕА компаниясы менен меморандум түзүлгөнү айтылат.

Энергетика министрлиги кытайлык Дачэнлунюань компаниясы менен Оштогу кыргыз-кытай чек арасындагы Эркечтам өткөрмө бекетине жакын жерге көмүр логистикалык борборун куруу келишимине кол коюлду. Бул аймакка ушул эле компания менен шамалдан электр өндүрүүчү станция куруу жөнүндө меморандум түзүлдү.

Мындан сырткары Жалал-Абал облусундагы көмүр кендерин иштетүү, Нарында дрон аппараттарын чогултуучу завод куруу келишимине, меморандумдарга кол коюлган.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 31-мартта Бишкек жылуулук борборунда (ЖЭБ) кытайлык ТВЕА компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Чжан Синь менен жолукканы кабарланган. Анда ЖЭБдин №3 жана №4 блокторун оңдоо, эскилиги жеткен жабдууларды алмаштыруу тууралуу сөз болгон.

ТВЕА компаниясы 2014-2017-жылдары Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иштерин жүргүзүп, 2018-жылы январда анда авария болгондон кийин чуу башталган.

Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иштери козголгон. Бул үчүн мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков баштаган бир топ жетекчиге айып тагылып, түрдүү жаза мөөнөттөрү чегерилген.

2-февралда таңкы саат 3төр чамасында ЖЭБде катуу жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган.

Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, 5-февралда толук калыбына келтирилген.

ЖЭБдеги авариядан беш адам жабыркаган. Алардан экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга жөнөтүлүп, дарыланып жатат.

Өткөн аптада ЖЭБдеги авариянын себептерин аныктоо үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын корутундусу даяр болгон. Энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев “Азаттыкка” кырсыкка айрым кызматкерлер жана эскилиги жеткен жабдыктар негиз болгон деген тыянак чыгарылганын билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG