Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:56

Депутат жогорку билими жок психологдордун кызматына тыюу салууну сунуштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаева 3-апрелдеги сессияда жогорку билим албаган психологдордун иштешине тыюу салууну сунуштады. Депутат соңку учурда бир ай курс окуп гештальт-психологмун деп кызмат көрсөткөндөр көбөйгөнүн белгиледи.

“Гештальт-психологмун деп сертифкат алып, элди чакырып жатышат. Аларга акчасын коротуп жаман абалга туш болгон кыздар-балдар бар”, - деди депутат.

Жогорку Кеңеште “Жарнама жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизип, көзү ачык, бүбү-бакшыларды жарнама кылууга тыюу салуу каралган мыйзам долбоору талкууланууда. Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Марлен Маматалиев кесиптешинин сөзүн колдоп, психологдорго байланыштуу кагаз түрүндө сунуш күтөрүн айтты.

Кыргызстанда көзү ачыктык, бакшылык кылып, төлгө тарткандарга мыйзам тыюу салбайт. Базарларда, социалдык тармактарда жана менчик телеканаларда “жол ачам, ооруларды айыктырам” деген сыяктуу жарнамалар жарыяланып турат.

Кыргызстанда бир нече жогорку окуу жайларда психолог адистигин даярдайт. Бирок психологдор каттоодон өтүп, тескелбейт. Социалдык тармактарда психолог кызматын сунуштагандар арбын. (TSh)

XS
SM
MD
LG