ТИМ: Түркиядагы өрттө кыргызстандыктар жабыркаган жок

Өрт чыккан жер.

Түркиянын Стамбул шаарындагы түнкү клубда чыккан өрттөн баштапкы маалыматтар боюнча Кыргызстандын жарандары жабыркаган жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги 3-апрелде маалымдады.

Стамбул шаарынын Бешикташ районундагы 16 кабат имараттын жертөлөсүндөгү түнкү клубда 2-апрель күнү өрт чыккан. Клубда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан жана коноктор үчүн жабык болгон.

Өрттөн кеминде 29 адам мерт болгону 3-апрелде кабарланды.

Стамбулдун губернатору Давут Гүл журналисттерге маалымат берип жатып, кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз экенин, адистер териштирүү жүргүзүп жатканын айткан.

Расмий маалыматтар боюнча Түркияда 40-60 миңге чамалуу кыргыз жарандары миграцияда жүрөт. Андан тышкары кыргызстандык студенттер, утурумдук барган соодагерлер жана туристтер да бар.(ZKo)

Дагы караңыз

"Көчөдө баспай калдык". Орусияда мигранттарды текшерүү күч алдыНАТО башчысы Украинага 100 млрд евролук жардам топтомун түзүүнү сунуштады“Ак-Кула” ат майданынын жери 8,7 млрд сомго аукционго коюлдуДепутат Коргонбай уулу министр Бейшеналиевди коррупцияга айыптады