Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:30

Депутат Коргонбай уулу министр Бейшеналиевди коррупцияга айыптады


Жусупбек Коргонбай уулу жана Алымкадыр Бейшеналиев. Коллаж.
Жусупбек Коргонбай уулу жана Алымкадыр Бейшеналиев. Коллаж.

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин өзүн сотко бергени боюнча билдирүү жасады.

Ал 3-апрелде парламенттин отурумунда сөз сүйлөп, министр Бейшеналиевди "кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрү менен байланышта, коррупцияга аралашкан" деп маалымат берди. Депутат мурдагы отурумда министрди кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрүн дарылап келгенин айтканын далилдеп берүүгө даяр экенин айтты.

"Министр интервью берип, "Гиппократтын антын буза албайм, кара-агына карабай операция жасап, дарылайм" дептир. Бирок мыйзам деген бар. Бул андай кылмышкерлерди ооруканада, ачык эмес, үйүндө, жашыруун операция жасап, дарылап жүргөн. Бул операцияны Гиппократ үчүн эмес, АКШнын доллары үчүн жасап жүргөн", - деди Коргонбай уулу.

Жусупбек Коргонбай уулу жарым сааттык сөзүндө саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айланасында кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар адамдар иштеп жатканын айтып, министрдин өзүн коррупциялык иштерге айыптады. Депутат министрдин жана жакындарынын мүлкү 2 млрд сомдон ашарын айтып чыкты. Президентке, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, Бейшеналиевдин мүлкүн, байлыгын текшерип, коррупциялык иштерге аралашканын иликтөөнү суранды.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 14-марттагы жыйынында “саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар” деп сындаган. Ал Кыргызстанда акыркы күндөрү ооруканада дарыгерлердин шалаакылыгынан каза болгондор көбөйүп жатканын билдирип, министрдин жоопкерчилигин кароо маселесин көтөргөн.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев депутаттын сөздөрүн куржалаа деп атап, 27-мартта депутатты сотко берген. Бейшеналиев депутаттын трибунадан айтканын жеке таарынычка байлап, жакынын Ноокат районундагы ооруканага кызматка коюп берүүнү суранганда койбой койгонун негиз кылган.

Бейшеналиев биринчи жолу 2020-жылы саламаттык сактоо министри болгон. 2022-жылы июнда “коррупцияга” айыпталып камалып, эки аптадан кийин үй камагына чыккан. Бул чуулуу иштерден кийин 19-августта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кызматтан бошотулган.

Башкы прокуратура Бейшеналиевге чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд 581 млн 474 миң сомго вакцина сатып алынганы үчүн айып койгон жана жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Кийин ага козголгон бардык кылмыш иштери токтотулган.

Ал 2023-жылдын сентябрында кайра министр кызматына дайындалган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG