Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:07

НАТО башчысы Украинага 100 млрд евролук жардам топтомун түзүүнү сунуштады


Йенс Столтенберг
Йенс Столтенберг

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг альянстын мүчөлөрүнө Украинага берилүүчү аскердик жардам топтомунун суммасын алдыдагы беш жылга 100 млрд еврого (107 млрд доллар) жеткирүүнү сунуштады.

Reuters агенттигине бир нече дипломат айткандай, бул Киевге зарыл болуп турган жардамды убагында берүүгө шарт түзөт.

Столтенбергдин пикиринде, мындай план Дональд Трамп президенттик такка кайтып келип, Украинага АКШдан күтүлүп жаткан аскерий жардам берилбей калган учурда иштейт.

Баш катчынын сунушу шаршембиде жана бейшембиде НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынында талкууланат.

Reuters агенттигинин булактары альянстагылар Украинага аскердик жардамды туруктуу жана узак мөөнөткө берүү зарылдыгын түшүнгөнүн билдиришкен. Алардын маалыматы боюнча, пландын алкагында НАТО Украина үчүн Миссия түзөт, бирок азырынча миссиянын ишмердик нугу аныктала элек.

НАТО Столтенбергдин сунушуна комментарий берген жок. Бирок альянстын расмий өкүлдөрүнүн бири билдиргендей, тышкы иштер министрлери "НАТОнун Украинага колдоосун уюштуруунун эң жакшы жолдорун талкуулашарын" айтты.

"Америка авазы" радиосу маалымдагандай, апрелдеги жолугушууларда чечим кабыл алынбайт. Талкуулар узакка - альянстын июлда Вашингтондо өтүүчү саммитине чейин созулушу ыктымал.

Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда кол салган.

XS
SM
MD
LG