Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:29

“Ак-Кула” ат майданынын жери 8,7 млрд сомго аукционго коюлду


“Ак-Кула” ат майданынын сырты.
“Ак-Кула” ат майданынын сырты.

Бишкек мэриясы Термечиков көчөсү 1 дарегинде жайгашкан “Ак-Кула” ат майданынын 45,73 гектар жерин 8 млрд 731 млн 917 миң сомго аукционго койду.

Шаар бийлиги тиешелүү чечимди муниципалдык мүлктү менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия кабыл алганын билдирди. Маалыматка ылайык, ат майдандын жеринин баасын көз карандысыз эксперттер эсептеп чыгарган.

Электрондук аукционго катышууну каалагандар көрсөтүлгөн баштапкы сумманын 10% кепилдик катары төлөшү керек.

Улуттук оюндардын түрлөрү боюнча мелдештер өтүп келаткан, үч миң орундуу “Ак-Кула” ат майданы 1947-курулган. Мэрия анын жалпы аянты 57,4 гектар, 1,6 гектары боюнча соттук териштирүүлөр жүргөнүн, ипподром авариялык абалда, адамдар үчүн кооптуу экенин билдирип келет.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы март айында “Ак-Кула” ат майданынын ордуна ипотекалык кабат үйлөрдү куруп, ат майданды башка жерге көчүрүү керек экенин билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG