“Ак-Кула” ат майданынын жери 8,7 млрд сомго аукционго коюлду

“Ак-Кула” ат майданынын сырты.

Бишкек мэриясы Термечиков көчөсү 1 дарегинде жайгашкан “Ак-Кула” ат майданынын 45,73 гектар жерин 8 млрд 731 млн 917 миң сомго аукционго койду.

Шаар бийлиги тиешелүү чечимди муниципалдык мүлктү менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия кабыл алганын билдирди. Маалыматка ылайык, ат майдандын жеринин баасын көз карандысыз эксперттер эсептеп чыгарган.

Электрондук аукционго катышууну каалагандар көрсөтүлгөн баштапкы сумманын 10% кепилдик катары төлөшү керек.

Улуттук оюндардын түрлөрү боюнча мелдештер өтүп келаткан, үч миң орундуу “Ак-Кула” ат майданы 1947-курулган. Мэрия анын жалпы аянты 57,4 гектар, 1,6 гектары боюнча соттук териштирүүлөр жүргөнүн, ипподром авариялык абалда, адамдар үчүн кооптуу экенин билдирип келет.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы март айында “Ак-Кула” ат майданынын ордуна ипотекалык кабат үйлөрдү куруп, ат майданды башка жерге көчүрүү керек экенин билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Депутат Коргонбай уулу министр Бейшеналиевди коррупцияга айыптадыБишкек ЖЭБин оңдоого ТВЕА компаниясы менен меморандум түзүлдү24.kg агенттигине козголгон кылмыш иши кыскардыНАТО башчысы Украинага 100 млрд евролук жардам топтомун түзүүнү сунуштадыСокулукта милиция бөлүмүндөгү өлүм боюнча териштирүү башталды