Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Иранда бахаи коомчулугуна карата мамилени “ондогон жылдардан бери уланып келе жаткан системалык репрессия” деп атады.
Уюмдун бүгүн 1-апрелде жарыяланган баяндамасында “бахаилер туш болгон куугунтук адамкерчиликке каршы кылмышка тете болууда” деп айтылды.
Ислам динин тутунган Ирандагы башка диний азчылыктардын эң ирилеринин бири – бахаилер. Алардын тутунган диний багыты өлкөнүн Конституциясына кирген эмес. Ирандагы бахаилер куугунтукка жана кысымга дайыма кабылып келери мурда да айтылган.
Бул өлкөдө бийлик соңку жылдары саясий, экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөрдү талап кылган жапырт нааразылык акцияларын күч менен басып келе жатат. Бийликтин куугунтугуна бахаилер да кабылып, алардын үй-жайы тинтүүгө алынып, ондогон өкүлү жана коомдук лидерлери камакка алынып, мүлкү конфискация болуп жатканы айтылууда.
Бахаилер Кыргызстанда да бар. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын сайтындагы маалыматка караганда, Бишкек жана Ош шаарларында, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарында 12 "Бахаи" уюму расмий катталган.
Бахаи - ирандык диний ишмер Хусейн Али-и-Нури XIX кылымда негиздеген монотеисттик диний багыт. Ал бир катар диндердин элементтерин өзүнө камтыйт. (RK)
Дагы караңыз
Олжобай Шакирдин иши: көз карандысыз экспертизанын тыянагы чыкты Пакистанда сел жана көчкү кеминде 10 кишинин өмүрүн алдыКыргыз-казак чек арасы: Мыйзам бузбаган жүк ташуучуларды кармабай өткөрүү маселеси талкууландыГРУнун "Гавана синдромуна" тиешеси тууралуу иликтөө чыкты