Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:46

Олжобай Шакирдин иши: көз карандысыз экспертизанын тыянагы чыкты


Олжобай Шакир сот отурумунда. 1-апрель, 2024-жыл.
Олжобай Шакир сот отурумунда. 1-апрель, 2024-жыл.

Көз карандысыз экспертиза жазуучу жана публицист Олжобай Шакирдин камалышына негиз болгон видеодо "жапырт башаламандыкка чакырык жок" деп корутунду чыгарды. Бул тууралуу 1-апрелде Чүйдүн Аламүдүн райондук сотундагы отурумда маалымат берилди.

Көз карандысыз экспертке лингвистикалык анализ жүргүзүү үчүн адвокаттар кайрылышкан.

Мамлекеттик эки эксперт (лингвист жана саясат талдоочу) менен тергөөчү отурумга келбегендиктен кийинки жараян 9-апрелге жылдырылды.

Дээрлик сегиз айдан бери камакта отурган Олжобай Шакир сотто бөйрөк жагы ооруп турганын, саламаттыгын текшертүүгө тергөө абагында толук шарт болбой жатканын айтты.

Иш марттын ортосунан бери судья Бактияр Матраимовго өткөн. Мурдагы судья Бекболот Жаналиев башка сотко которулган.

18-марттагы жараянда аны үй камагына чыгаруу боюнча адвокаттын өтүнүчүн судья канааттандырган эмес.

Олжобай Шакирге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козголуп, 2023-жылдын 23-августунда кармалган. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат.

Былтыр 6-декабрда ага айыбы угузулган. Прокурор Олжобай Шакир интернетте адамдарды “жапырт башаламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келгенин” айтып, “булардын тизгинин кагыш керек” деген сөзү “бийликтин кадыр-баркына шек келтирген, коомдук коопсуздукка карата оор кылмыш жасаган” деп билдирген.

Жазуучу коюлган айып менен макул болгон эмес. Ал камалганга чейин президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди дебатка чакырган. Өкмөттүн азыркы саясаты демократиялык баалуулуктарга туура келбестигин белгилеп, 2023-жылдын 31-августунда онлайн митинг өткөрүү тууралуу демилге көтөргөн. Мындай аракети калайман башаламандык уюштурууну билдирбесин айткан.

Олжобай Шакир деген каймана ат менен ишмердик жүргүзгөн Олжобай Эгембердиев 2017-жылы “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайтын негиздеп, иштетип келген. (SE)

XS
SM
MD
LG