Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

ГРУнун "Гавана синдромуна" тиешеси тууралуу иликтөө чыкты


АКШнын Кубадагы элчилиги. Архивдик сүрөт.
АКШнын Кубадагы элчилиги. Архивдик сүрөт.

Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын (ГРУ, Коргоо министрлигинин Башкы штабынын Башкы башкармалыгынын 29155-аскердик бөлүгү) кызматкерлери америкалык жана канадалык дипломаттар менен атайын кызмат өкүлдөрүнө таасир этип, «Гавана синдромуна» чалдыгышына түрткү болгону бүгүн 1-апрелде жарыяланган эл аралык иликтөөдө айтылды.

The Insider басылмасы, америкалык CBS News телеканалынын 60 Minutes көрсөтүүсү жана германиялык Der Spiegel басылмасы биргелешип жүргүзгөн иликтөөдө мындай синдром чет элдик дипломаттарда аталган аскердик бөлүктүн кызматкерлери качан жана кайсы жерге барган болсо, ошол жерде байкалганы белгиленди.

Иликтөөдө Улуу Британияда Сергей жана Юлия Скрипалдар “Новичок” заты менен, Болгарияда ишкер Емельян Гебрев ууланганы, 2014-жылы Германияда америкалык консулдуктун бир кызматкери, 2017-жылы Кытайда АКШ консулдугунун жашыруун маалыматтардын купуялыгы үчүн жооптуу кызматкери, 2021-жылы Грузияда америкалык дипломаттын жубайы да “Гавана синдромуна” ушул мекеменин кызматкерлеринин таасири менен туш болгон ыктымалдыгы тууралуу жана башка маалыматтар келтирилди.

Ушундай эле окуялар 2021-жылы Белград жана Ханой шаарларында да катталганы айтылды.

"Гавана синдрому" – адамдын башы айланып, көңүлү айнып, башы ооруп, угуусу начарлап жана кыймылынын координациясы бузулган абалдын бейрасмий аталышы. Алгачкы жолу мындай белгилер 2016-жылы ноябрь айында АКШнын жана Канаданын Гаванадагы (Куба) элчиликтеринде иштеген кызматкерлерде жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүндө байкалган.

Иликтөөнүн авторлору ГРУнун мындай «акустикалык курал» колдонууга тиешеси тууралуу түздөн-түз далили жок экенин, бирок эми «америка бийлиги «Гавана синдромуна» карата көз карашын кайрадан карап чыгышы керектигин» белгилешти.

2021-жылы АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) директору Уильям Бернс чет өлкөдөгү элчиликтерде иштеген америкалык дипломаттардын "Гавана синдрому" аттуу табышмактуу оорусунун себептерин аныктоо иштери күчөтүлгөнүн билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG