Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:22

Пакистанда сел жана көчкү кеминде 10 кишинин өмүрүн алды


Пакистан. Архивдик сүрөт.
Пакистан. Архивдик сүрөт.

Пакистанда нөшөр жаандын жана көчкүнүн кесепетинен кеминде 10 кишинин өмүрү кыйылганын бүгүн 1-апрелде «Машаал» радиосу билдирди. Өлкөнүн түндүк-батыш аймагындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, ишемби жана жекшемби күндөрү тынбай жааган жаандын айынан жер көчүп, адам өлүмүнө алып келди.

Каза болгондордун төртөө он жашка чыга элек балдар экени, 12 киши ар кандай жараат алганы маалымдалды.

Пешавар, Ноушера, Шангла, Банну жана Бажаура аймактарында да кооптуу абал жаралды. Эгин талааларын жана үйлөрдү суу каптап, жарактан чыгарды.

Март айынын башында Пакистанда жана коңшу Ооганстанда калың кардын жана тынымсыз жааган жаандын кесепетинен кеминде 80 адамдын өмүрү кыйылган. Айрым тоолуу аймактарда сел жүрүп, кар аралаш бороондун жана көчкүнүн айынан негизги автожолдор убактылуу жабылган.(RK)

XS
SM
MD
LG