Бишкек шаардык соту 1-апрелде абактагы сегиз журналисттин бөгөт чарасы боюнча апелляциялык арызды карай баштады. Журналист Жоодар Бузумов боюнча Биринчи Май райондук сотунун 12-марттагы чечимин күчүндө калтырды.
Дагы үч журналист: Сайпидин Султаналиев, Актилек Капаров жана Махабат Тажибек кызынын апелляциялык арызы каралат.
Шаардык сот 27-мартта Максат Тажибек уулу, Тыныстан Асыпбеков жана Азамат Ишенбековдун бөгөт чарасын карап, мурдагы өзгөрткөн эмес. 29-мартта Айке Бейшекееваны камакта калтырган.
12-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулун, Махабат Тажибек кызын, кабарчысы Айке Бейшекееваны, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасында) иштеген Сайпидин Султаналиевди, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумовду, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаровду, “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбековду 13-майга чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакта калтырган.
Редакция кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тууралуу тилкат менен абактан чыккан. Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган.
Камактагылардын адвокаттары шаардык сотко апелляциялык арыз берген.
16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.
ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.
Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.(AiB/ZKo)
Дагы караңыз
Олжобай Шакирдин иши: көз карандысыз экспертизанын тыянагы чыкты Казакстан: Суу каптаган аймактардан миңдеген кишилер көчүрүлдүИзраилдин Газадагы операциясы улануудаЖугуштуу илдеттер ооруканасында кызамык менен 210 бейтап дарыланууда Шайлообек Атазов мандатына байланыштуу шаардык сотко кайрылды