Кыргызстанда кызамыкка байланышкан абал курч экени жана ооругандар жыл башынан бери 6,5 миңше жеткени Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтылды.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова маалымдагандай, бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунун 61% эли эмдөөдөн өттү. Медиктер тынымсыз калк арасында иштеп, вакцинанын маанилүү экенин түшүндүрүп жатат.
Ал эми Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында кошумча үч бөлүм ачылып, кызамык, кызылчага кабылгандар менен иш алып барылууда.
"Күнүнө 30-40 киши кайрылса, анын арасынан эң оор абалдагы балдарды бейтапканага алып калып, дарылоо жүргүзүлүүдө. Калгандарын медиктер карап, үйүнө жиберүүдө. Азыр биздин ооруканада кызамыкка кабылган 210 бейтап бар, алар жети бөлүмдү ээлөөдө. Дары-дармек жетиштүү, бирок абал курч бойдон калууда", - деди Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын башчысы Гүлжигит Аалиев.
Оорунун тарашына балдар жана чоңдордун эмдөөдөн баш тартканы себеп экени белгиленген, 2023-жылы кызамык 7 046 кишиге жуккан.
Президент Садыр Жапаров 15-мартта Бишкектеги Имам Сарахси атындагы борбордук мечитке барып, статистика боюнча кызамыкка чалдыккан балдардын басымдуу бөлүгү эмдөөдөн өтпөгөндөр экенин айткан. Балдардын саламаттыгы үчүн ооруларды алдын алууда эмдөөдөн өтүү маанилүү экенин билдирген.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 22 миңге жеткен, алардын көбү мындай чечимге диний түшүнүктөн улам барганын билдирген. Ушундан улам мекеме Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, муфтияттын өкүлдөрү менен кызамык жана ага каршы вакцина тууралуу талкуу жүргүзүп, дин өкүлдөрүнөн бул жаатта маалымат таратууга көмөктөшүүнү суранып келет.
Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашка чыкканда жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө. (KS)