Расмий маалымат булактары сел 40 жолду, бир көпүрөнү жууп кеткенин жазды. Казак бийлиги өзгөчө кырдаал аймагындагы элге жардам күнү-түнү көрсөтүлүп жатканын билдирди. Селдин кесепеттерин жоюу үчүн 7 миңден ашык адам иштеп, 2 миңден ашык техника мобилизацияланды.
Буга чейин жергиликтүү бийлик Элек жана Каргалы дарыяларына жакын жашаган тургундарды коопсуз жактарга чыгып кетүүгө чакырган. Штабдын жыйынында оңдоо иштери жана турак жайларды кайра курууга каражат мамлекеттик резервден жана жергиликтүү администрациядан бөлүнөрү айтылды.
Ушул жуманын аягында Актөбө облусунун Берсиев айылынын тургундары тик учак менен эвакуацияланган.
Республикалык штаб 30-мартта президент Касым-Жоомарт Токаевдин чукул жыйынынан кийин түзүлгөн.
Акордонун маалыматына караганда, Токаев айрым региондордогу ташкынга байланыштуу 30-мартта ыкчам кеңешме өткөрүп, жергиликтүү бийлик башчыларын, өкмөттү сынга алды.
“Касым-Жомарт Токаев шалаакылыгын жана кесипкөй эместигин айтып, өкмөттү жана акимдерди кескин сынга алды. Анын сөзүнө караганда, өкмөт менен жергиликтүү бийликтин ортосунда координация болгон эмес. Президент жабыр тарткан аймактарда тургундардын мал-мүлкү зыянга учураганына байланыштуу өкүнүчүн билдирди. Жабыркагандардын баарына материалдык жардам берилерин айтты”, - деп жазылган маалыматта.
Жыйында убагында чара көрбөгөнү үчүн премьер-министрдин биринчи орун басары Роман Склярга, суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитовго, Атырау, Акмола, Алматы, Павлодар, Абай облустарынын акимдерине катуу сөгүш берилди. Актөбө, Костанай жана Батыш-Казакстан облустарынын акимдери кызматына толук ылайык эместиги тууралуу эскертүү алды.
"Азаттыктын" казак кызматы штабдын маалыматына таянып, учурда Казакстандын он аймагында суу каптоо коркунучу бар экенин жазды. Бир катар шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Суу каптаган айрым конуштардын жашоочулары жергиликтүү бийликти «селге даярданган эмес, карды убагында тазалабаган» деп айыпташты. Эриген кар үйлөрдү жана чарбалык курулуштарды каптап, көпүрөлөрдү, дамбаларды бузуп, жолдорду жууп кеткен.
"Казакстанда суу аз деп айтып, жазында суу ташкынынан кыйналабыз. Башкача айтканда, биз сууну башкарууну жана аны үнөмдөөнү үйрөнө алган жокпуз", - дейт айыл чарба боюнча эксперт Кирилл Павлов “Азаттыктын” казак кызматына.
Анын пикиринде, жыл сайын суу ташкындарынан кийин миллиарддаган доллар бөлүнгөнүнө карабастан, алар көйгөйдү чечүүгө пайдаланылбай, селдин кесепеттерин жоюуга жумшалат.
Мажилистин депутаты Сергей Пономарев өкмөт менен жергиликтүү бийликти сындады:
"217 калктуу пункт, 86 миңден ашык үй суу каптоо коркунучуна кабылды. Суу каптаган бир үй чоң кырсыкка учурады. Бүгүнкү күндө дээрлик жарым миллион адамдын өмүрүн тобокелге салып жатабыз. Буга биринчи кезекте, дайыма даяр жана жакшы абалда турууга тийиш болгон гидротехникалык курулмалардын системасын түзүү жана күтүү боюнча системалуу даярдык иштеринин жоктугу себепкер. Алардын тармагы тынымсыз мониторингди, тейлөөнү, оңдоону жана, эң негизгиси, жаңылоону талап кылат".
"Азаттыктын" казак редакциясынын кабарларынын негизинде даярдалган.