Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Адил Нефтулаев үй камагына бошотулду.
Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 20-мартта чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Анын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берген.
Атайын кызмат Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Канатбек Кубатбековду, башкармалыктын техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Адил Нефтулаевди жана автомектептин директорун коррупциялык схема түзгөн деген шек менен 19-февралда кармаган. УКМКнын маалыматы боюнча, алар машиналарга газ баллондук жабдууларды орнотууга уруксат сертификатын каттоодо адамдардан мыйзамсыз акча алып турушкан.
Канатбек Кубатбеков февраль айынын аягында үй камагына чыккан.
Бул окуядан кийин 29-февралда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов өз арызы менен кызматтан кетип, анын ордуна Жеңиш Жоробеков дайындалган. (BTo)
Дагы караңыз
БУУ: Дүйнө калкынын 10% ачка, бирок адамдар тамак-аштын 17% ыргытышат"Крокус Ситидеги" чабуулдун курмандыктары 143кө жеттиЖалал-Абад: шектүүнү кармоо учурундагы мушташ тууралуу маалымат берилдиОшто бейтааныш кызды шылдыңдаган блогер беш суткага камалдыКараколдогу “Бугу” жана “Макиш” базарлары мэрияга өткөрүлдүСи Кытайдагы технологиялык прогрессти эч ким токтото албай турганын айттыБалыкчы: 12 жаштагы кызды сүзүп кеткен мурдагы милиция кызматкери бошотулду