Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:29

Ошто бейтааныш кызды шылдыңдаган блогер беш суткага камалды


Нурболот Турганбаев.
Нурболот Турганбаев.

27-мартта Ош шаардык соту көчөдө бейтааныш кызды уят сөз менен шылдыңдаган 23 жаштагы блогер Нурболот Турганбаевди беш суткага убактылуу кармоочу жайга камакка алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Ага Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Майда бейбаштык” беренеси менен айып тагылды. Мындай жосун үчүн адам 5500 сом айыпка жыгылат же 30дан 40 саатка чейин коомдук иштерге тартылат. Ошондой эле үчтөн беш суткага чейин камакка алуу жазасы да каралган.

Ош шаарында Достук көпүрөсүндө кызды шылдыңдаган Саян деген ат менен белгилүү блогерди милиция 27-мартта Бишкектен Ош шаарына жеткирген.

Блогерге чара көрүү өтүнүчү менен активист Азамат Ормокеев кайрылган. Ушундай эле мазмундагы арыз менен 26-мартта Өзгөн районунун тургуну, блогер шылдыңдаган кыз да кайрылган. Ал 25-мартта Достук көпүрөсүнөн өтүп баратканда белгисиз адам видеого тартып, уят сөз айтканын, аны кийин Интернеттен көргөнүн билдирип чара көрүүнү суранган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 27-мартта тараткан видеодо блогер Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынын тургуну экенин, ушул тапта Бишкекте жашай турганын айткан. Кыздан кечирим сурап, экинчи андай жосунду кайталабастыгын билдирген. Нурболот Турганбаев Instagram жана TikTok социалдык тармактарында Саян деген ат менен белгилүү.

Кыргызстанда буга чейин да блогерлер социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн камакка алынган же кайра кечирим сураган окуялар болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG