Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:34

Караколдогу “Бугу” жана “Макиш” базарлары мэрияга өткөрүлдү


Каракол шаарынын мэриясына өткөрүлгөн базар. УКМК тараткан сүрөт.
Каракол шаарынын мэриясына өткөрүлгөн базар. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Каракол шаарындагы “Бугу” жана “Макиш” соода базарынын ээси Р.А.Т. аттуу жаран кайра кармалганын билдирди.

Атайын кызмат 28-мартта берген маалыматка ылайык, кармалган адам көп убакыт бою базарларда иштеген ишкерлерден акча чогултуп, бирок алынган пайданын реалдуу суммасын фискалдык органдардан жашырып келгени аныкталган.

Тергөөдө мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында базардын ээси өз ыктыяры менен аянты 1,14 гектар, наркы 233 млн сомдон ашкан “Макиш” жана “Бугу” базарларын Каракол шаарынын мэриясына өткөрүп бергени айтылды.

Базардын ээси акыркы окуя тууралуу комментарий бере элек.

УКМК быйыл 12-февралда да өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча Караколдо “Бугу” жана “Макиш” соода базарынын ээси Р.А.Т. кармалганын кабарлаган. Ал кайра эркиндикке качан чыкканы тууралуу азырынча маалымат жок. (BTo)

XS
SM
MD
LG