Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:10

Си Кытайдагы технологиялык прогрессти эч ким токтото албай турганын айтты


Си Цзинпин.
Си Цзинпин.

Кытайдын технологиялык мүмкүнчүлүктөргө умтулуусун чектөө анын өнүгүүсүнө тоскоолдук жарата албай турганын бүгүн 27-мартта Бээжинде Нидерланддын премьер-министри Марк Рютте менен жолугушууда Кытайдын лидери Си Цзинпин билдирди.

"Кытай эли мыйзамдуу өнүгүүгө укугу бар, эч кайсы күчтөр Кытайдагы илим жана технологиялар тармагындагы өнүгүү жана прогресс ылдамдыгын токтото албайт", - деди ал.

Рютте 26-27-март күндөрү Кытайда алгачкы иш сапар менен болду. Аны соода министри Жеффри ван Леувен коштоп жүрдү.

Кытайлык жалпыга маалымдоо каражаттары билдиргендей, Нидерланд өкмөтү былтыр Кытайга жарым өткөргүчтөрдүн өндүрүшүнө зарыл жабдыктарды сатууга чектөө киргизген. Бул өлкөнүн чип жасоого зарыл жабдык өндүргөн ASML компаниясы телефондон тартып автомобилге чейинки өндүрүштө колдонулуучу заманбап жарым өткөргүчтөрдү чыгарган ири дүйнөлүк ишканалардын бири экени белгилүү. (RK)

XS
SM
MD
LG