Кыргызстанда былтыр өрттөн 35 адам каза болду

Өрт кырсыктарынын бири. Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынды.

Кыргызстанда 2023-жылы баш-аягы 3 497 өрт кырсыгы катталып, андан 35 адам каза болуп дагы 31 киши жараат алган.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирип, өткөн жылы тилсиз жоо 1 млрд 410 млн 377 миң сом материалдык зыян алып келгенин кошумчалады.

Өрт кырсыктарынын көбү электр жабдууларын этиятсыздыктан колдонуудан улам чыккан. Андан тышкары мештерди жана морлорду колдонууда да өрт коопсуздугу сакталбаганы негиз болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: Илгиз Шаменов сот залынан күч менен чыгарылдыЗеленский Коопсуздук кызматынын катчысы Даниловду иштен алдыУКМК Райымбек Матраимов менен кошо үч бир тууганы кармалганын билдирдиМилиция бейтааныш кызды шылдыңдаган блогерди Бишкектен Ошко жеткирдиБекзат Өмүрбеков үй камагына чыкканы белгилүү болдуУКМК орусиялык ишкер Павел Тёго козгогон кылмыш ишин токтоттуОрус ӨКМи кол салууда жоголгон кыргыз кыздарды каза тапкандардын тизмесине кошту Баку төрт кыргызстандык жаранды Бишкекке өткөрүп берди