Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Зеленский Коопсуздук кызматынын катчысы Даниловду иштен алды


Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин мурунку катчысы Алексей Данилов. Киев. 29-июнь, 2023-жыл.
Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин мурунку катчысы Алексей Данилов. Киев. 29-июнь, 2023-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Алексей Даниловду Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчылыгынан алды. Тиешелүү буйрук 26-мартта жарыяланды. Себеби белгиленген эмес. Аталган кызматтын башчылыгына Александр Литвиненко дайындалды. Ал буга чейин Украинанын Тышкы чалгын кызматын жетектеп келген.

Алексей Данилов Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы болуп 2019-жылы октябрь айында дайындалган. Ал 1994-1997-жылдары Луганскинин мэри болгон. 2005-жылы Луганск облусун жетектеген. Кийин Юлия Тимошенконун блогунан депутат болуп шайланган. Зеленский өзү дагы азырынча бул чечими тууралуу комментарий бере элек.

Февралдын башында украин президенти Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Валерий Залужныйды кызматтан алып, анын ордуна генерал-полковник Александр Сырскийди дайындаган. Муну президент согуштун стратегиясын кайра карап чыгуу зарылчылыгы менен түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG