Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:15

УКМК орусиялык ишкер Павел Тёго козгогон кылмыш ишин токтотту


Павел Тё. УКМК тараткан сүрөт.
Павел Тё. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) орусиялык ишкер, “Капитал Групп” компаниясынын ээси Павел Тёго (кылмыш чөйрөсүндө “Паша Кореец” деген ат менен белгилүү) коюлган айыптар алынып, сотко чейинки өндүрүш иши токтотулганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо фактысын иликтөөдө ал маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо боюнча айрым фактылар аныкталган.

19-мартта Павел Тё Кыргызстанга келип, укук коргоо органдары бир катар тиешелүү тергөө иш-чараларын жүргүзгөн. УКМК анын жыйынтыгында Павел Тёнун уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө тиешеси жок экени аныкталганын, ушундан улам кылмыш иши токтотулганын кабарлады.

Атайын кызмат ага ушул жылдын 12-мартында издөө жарыялаган. УКМК Павел Тё “Братский круг” эл аралык кылмыштуу тобунун мүчөсү экенин, ал “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылап жүргөнү аныкталганын жарыялаган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG