Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:34

Кемпир-Абад иши: Илгиз Шаменов сот залынан күч менен чыгарылды


Конвойлор Илгиз Шаменовду сот залынан күч менен чыгарып жатканда тартылган видеодон алынган кадр. 27-март, 2024-жыл.
Конвойлор Илгиз Шаменовду сот залынан күч менен чыгарып жатканда тартылган видеодон алынган кадр. 27-март, 2024-жыл.

27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып абакта жаткан жарандык активист Илгиз Шаменов (Илгиз Сарылдык уулу) сот залынан күч менен чыгарылды.

Аны конвойлор колунан кармап күч менен залдан чыгарып бараткан видеону адвокат Эркин Саданбеков жана ушул эле иш боюнча шек саналып жаткан Гүлнара Журабаева Фейсбуктагы баракчаларына жарыялады.

Дагы бир шектүү Айбек Бузурманкулов судья Марат Сыдыков Илгиз Шаменовду сот залынан чыгаруу боюнча токтом кабыл алганын, бирок ал жазуу жүзүндө колго тие электе эле конвойлор Илгиз Шаменовду чыгарып жатканын айтты.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 9 киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (BTo)

XS
SM
MD
LG