Макрон "Крокус Ситиге" кол салган топ Францияда теракт уюштурууга даярданганын билдирди

Франциянын президенти Эммануэл Макрон 25-мартта Москванын жанындагы "Крокус Сити Холлдогу" кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган "Ислам мамлекети" (ИМ) террористтик тобу буга чейин Франциянын аймагында бир нече теракт жасоого аракет кылганын билдирди. Кеп "Ислам мамлекети" тобунун "Вилаят Хорасан" (ИГИЛ-K деген ат менен белгилүү) ооган бөлүмү жөнүндө болуп жатат.

Макрон мындан башка маалымат берген жок. Соңку убакта Франция кандайдыр бир террордук чабуулдарды алдын алганы тууралуу билдирүү жасаган эмес. Бирок ишембиде "Крокустагы" кол салуудан кийин Франция террордук коркунучтун алдын алуу аракеттерин күчөткөнү белгилүү болду. Мындай чечимди Коргоо жана улуттук коопсуздук кеңеши чыгарды.

Түштүк Америкадагы француз Гвианасына барган Макрон Орусиядагы кол салууну ИМ жасаганына ынанганын айтып, Орусияны "Крокустагы" кол салууда далили жок Украинаны күнөөлөөгө аракет кылбоону эскертти. "Париж терроризм менен күрөшүү боюнча Москвага кызматташтыкты күчөтүүнү сунуштаганын айтты" деп билдирет Reuters.

Франция менен Орусиянын мамилеси орус армиясынын Украинага бастырып киришинен улам чыңалган. Макрон жакында Батыштын аскер кызматкерлерин Украинага жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн сунуштап, бул Москванын кескин реакциясын жараткан.

Мунун алдында The New York Times гезити өз булактарына таянып, Орусияда көп сандагы адам өмүрүн алган теракттан кийин "Ислам мамлекетти" террористтик тобу Европада, анын ичинде Францияда жаңы чабуулдарды жасашы мүмкүн экенин жазган. 2015-жылы Париждеги "Батаклан" концерттик залын кошкондо, ИМ өзүнө алган бир нече адам өмүрүн алган кол салуулар болгон.

Коопсуздук боюнча эксперттер Парижде 26-июлдан 11-августка чейин өтө турган Олимпиада оюндары террористтер үчүн "башкы бута" болушу мүмкүн экенин белгилеп жатышат.

22-мартта Москванын чет жакасындагы "Крокус Сити Холл" борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болгон. Кеминде 139 кишинин өмүрү кыйылды.

Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын маалымдаган. Алардын төртөө буга чейин камакка алынган, баары тең тажикстандыктар экени аныкталган. 25-мартта Москвада террордук чабуулга байланыштуу дагы үч киши камакка алынды. (КЕ)

Дагы караңыз

Таласта токойдон чыккан өрт 26-мартка караган түнү өчүрүлдүМосквадагы террордук чабуулга байланыштуу дагы үч киши камалды"Крокус Ситидеги" кол салуудан каза болгондор 139га жеттиПесков "Крокус" боюнча шектүүлөр кыйноого кабылганы тууралуу суроону жоопсуз калтырды