Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

"Крокус Ситидеги" кол салуудан каза болгондор 139га жетти


Москвадагы террордук чабуулдан кийин каза болгондор 139ка жеткенин бүгүн 25-мартта Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин билдиргенин «Интерфакс» маалымдады. Анын айтымында, соңку эки киши ооруканада көз жумду.

Буга чейин каза тапкандар 137, жараат алгандар 182 экени кабарланып жаткан.

22-мартта Москванын чет жакасындагы «Крокус Сити» борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болгон.

Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын, алардын төртөө “террордук актыны ишке ашырууга түздөн-түз катышканын” маалымдаган. Төртөө тең Тажикстандын жараны экени аныкталды, алар эки айга камакка алынды.

XS
SM
MD
LG