Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:56

Москвадагы террордук чабуулга байланыштуу дагы үч киши камалды


Аминчон, Диловар жана Исроил Исломовдор
Аминчон, Диловар жана Исроил Исломовдор

Москвада «Крокус Сити Холлдогу» террордук чабуулга байланыштуу дагы үч киши камакка алынды.

Бүгүн 25-мартта Тажикстандын жараны, 62 жаштагы Исроил Исломовдун жана анын уулдары – 33 жаштагы Аминчон менен 24 жаштагы Диловардын бөгөт чарасы Басман райондук сотунда каралып, үчөө тең эки айга камалды.

Кол салгандар айдап жүргөн «Рено» автомашинасынын ээси катары Диловар Исломов деген киши катталганын журналисттер мурдараак жазып чыгышкан. Кийин ал машинасын бир жума мурда жубайынын бир тууганына сатканы, автоунааны теракт болгон жерден көрүп нес болгону, полицияга өзү барганы кабарланган.

Бүгүнкү соттук отурумда ал Тверь шаарында таксист болуп иштери, аялы жана баласы бар экени белгилүү болду.

Агасы Аминчон жети баланын атасы экенин, мурда автобус айдап иштеп келгенин, кийин ден соолугуна байланыштуу бул жумуштан кеткенин сотто айтып берди.

22-мартта Москванын чет жакасындагы «Крокус Сити Холл» борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болгон. Кеминде 139 кишинин өмүрү кыйылды.

Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын маалымдаган. Алардын төртөө буга чейин камакка алынган, баары тең тажикстандыктар экени аныкталган. (RK)

XS
SM
MD
LG