Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:03

Песков "Крокус" боюнча шектүүлөр кыйноого кабылганы тууралуу суроону жоопсуз калтырды


Кылмышка шектүүлөр.
Кылмышка шектүүлөр.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Москвадагы террордук чабуулга шектелип жаткандар кармалгандан кийин кыйноого кабылганы тууралуу суроого жооп берүүдөн баш тартты. Бүгүн 25-мартта Дмитрий Песков журналисттердин шектүүлөрдү кыйноого алышканы көрүнүп турганы тууралуу суроосуна «Мен бул суроону жоопсуз калтырам» деп жооп берди.

24-мартта Москванын Басман райондук соту кылмышка шектелип, «террордук акт» деген берененин негизинде козголгон иш боюнча кармалган төрт кишини эки айга камакка алды. Алар – 32 жаштагы Далержон Мирзоев, 30 жаштагы Саидакрами Рачабализода, 25 жаштагы Шамсиддин Фаридун жана 19 жаштагы Мухаммадсобир Файзов.

Сот баары тең Тажикстандын жараны экенин тастыктады.

Бөгөт чарасы каралып жаткан учурда сот залынан тартылган сүрөттөрдөн алар бети-башы шишиген, көк ала экенин жана бети-колунда, кийиминде кандын катып калган тактарын көрүүгө болот.

Кармоо учурунда күч кызматкерлери кулагын кесип салганы тууралуу видео тараган Рачабализода сотко оң жак кулагына чүпүрөк чапталган, ал эми кармалгандардын эң жашы Файзов арабага салынган, көзү ачылбаган абалда жеткирилди.

22-мартта Москванын чет жакасындагы «Крокус Сити» борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болгон. Каза болгондор, 25-мартка карата маалымат боюнча, 137 адам, жараат алгандар 180 адам деп кабарланды. (RK)

XS
SM
MD
LG