Грузияда ЛГБТ укуктарын кыйла чектей турган мыйзам долбоору даярдалып жатат. Бул тууралуу бүгүн 25-мартта башкаруучу «Грузин кыялы» партиясынын аткаруучу катчысы Мамука Мдинарадзе билдирди.
Анын айтымында, эгер партия иштеп чыккан мыйзам долбоору колдоо тапса, Конституцияга өзгөртүү киргизилет, ЛГБТ укуктары чектелет.
Мисалы, трансгендердик операцияларга, бир жыныстагы адамдардын үй-бүлө катары бала асыроосуна, расмий документтерге эркек же аял дегенден башка жынысты көрсөтүүгө тыюу салынат.
Бир жыныстагы адамдардын жыныстык катнашына үгүттөөчү иш-чараларды уюштурууга да уруксат берилбейт.
Мындай сунуш Грузия быйыл октябрда өтө турган парламенттик шайлоого даярданып жаткан учурга туш келди.
Грузия Европа Биримдигине талапкер деген расмий макамга 2023-жылы ээ болгон.(RK)
Дагы караңыз
Орусиянын Новочеркасск электр станциясында өрт чыктыТИМ кыргызстандыктарды зарыл иш болбосо Орусияга барбай турууга чакырдыМосква: каза болгондор арасында кыргызстандыктар бар-жогу такталуудаОшто “Бойка” каймана аты бар Алмаз Абдукаримов кармалды