Мөөнөтүнөн мурда шайлоо: Ош округунан бир талапкер арыз берди

Кара-Суу, Баткен жана Ош бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн талапкерлердин арыздарын кабыл алуу уланууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын 25-марттагы маалыматына караганда, №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча биринчи талапкер шайлоого катышуу үчүн арыз тапшырды. Ал өзүн-өзү көрсөткөн Авазбек Абдугапаров.

БШКнын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, №2 Баткен жана №9 Кара-Суу округу боюнча тогуздан талапкер шайлоого катышуу ниетин билдирген.

Депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылы 28-мартта аяктайт.

Ош, Баткен жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 28-апрелде өтөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 13-мартта №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген депутат Айбек Осмоновдун мандатын өзүнүн арызынын негизинде алганын жарыялаган.

БШК 22-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы Искендер Матраимов (Кара-Суу округу) менен Нурлан Ражабалиевди (Баткен округу) өздөрү жазган арыздын негизинде депутаттык мандатынан ажыраткан.

15-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал жарыяланган.

Бишкектин административдик соту 1-мартта Атазовдун мандатын жокко чыгарган. Соттун чечимине ылайык, депутаттык мандат бул округда өткөн шайлоого катышкан Абдурахманхажи Муртазалиевге берилет.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып тагылган.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында кыргыз бажысында башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 млрд сом төгүп берген. Азыр анын кайда экени белгисиз. (КЕ)

Дагы караңыз

"Чет элдик өкүл" мыйзамы: 100дөн ашык уюм президентке кайрылдыХоккей: Бишкекте кыз-келиндер арасында эл аралык мелдеш өтүүдө“Бишкекасфальтсервистин” кызматкерлери мэр менен жолугушту"Ош" базардын жанындагы соода борбордон чыккан өрт өчүрүлдү