Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:08

Хоккей: Бишкекте кыз-келиндер арасында эл аралык мелдеш өтүүдө


Кыргызстандын жана Филиппиндин хоккей боюнча кыз-келиндер курама командаларынын беттеши. Бишкек. 24-март, 2024-жыл.
Кыргызстандын жана Филиппиндин хоккей боюнча кыз-келиндер курама командаларынын беттеши. Бишкек. 24-март, 2024-жыл.

Бишкекте кыз-келиндер арасында хоккей боюнча Азия жана Океания Кубогу өтүп жатат. 24-мартта мелдешин ачылуу аземи өтүп, бул күнү Кыргызстандын хоккей боюнча кыз-келиндер курама командасы Филиппин курама командасына 7:4 эсебинде жеңилди.

Мелдешке Кыргызстандын, Ирандын, Индиянын, Бириккен Араб Эмираттарынын жана Филиппиндин курама командалары катышып жатат. Турнир борбор калаадагы "Бишкек-Арена" спорт комплексинде өтүүдө.

24-мартта Иран жана Бириккен Араб Эмираттарынын кыз-келиндер курама командалары беттешип, 16:0 эсебинде ирандык кыздар жеңишке жетти.

25-мартта мелдештин экинчи туру өтөт.

Оюндардын убактысы:

16:30: Индия - Бириккен Араб Эмираттары;

20:00:Иран - Кыргызстан.

Кыз-келиндер арасында хоккей боюнча Азия жана Океания Кубогу Кыргызстанда биринчи ирет өтүп жатат. Мелдеш 30-мартта жыйынтыкталат. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG