Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:33

“Бишкекасфальтсервистин” кызматкерлери мэр менен жолугушту


“Бишкекасфальтсервистин” нааразылык акцияга чыккан кызматкерлери. 25-март, 2024-жыл.
“Бишкекасфальтсервистин” нааразылык акцияга чыккан кызматкерлери. 25-март, 2024-жыл.

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын нааразылык акцияга чыккан жумушчулары шаар мэри Айбек Жунушалиев менен жолукту. Ишкананын жумушчусу Элдосбек Турсункуловдун айтымында, чогулушка 50дөн ашык киши катышты.

“Айлык акыны көтөрүү маселесин карап чыккыла деп ишкананын жетекчилигине тапшырма берди. “Эмгек кодексиндеги ченемдерге ылайык болсун” деди. Жетекчибиз буга чейин катардагы жумушчулар менен жолукпагандыктан түшүнбөстүктөр болуп келген экен. Мэр бардыгын түшүндүргөн соң тарадык”, - деди Турсункулов.

Ишкананын кызматкерлери айлык көтөрүү жана сый акы төлөө талабы менен 25-мартта Бишкек мэриясынын алдына чогулушкан.

“Бишкекасфальтсервис” шаардын жолдорун салуу, оңдоо иштерин аткарат. Асфальт-бетон аралашмаларын, темир-бетон буюмдарын, жол жана жол куруу материалдарын даярдайт жана чыгарат.

Ишкананын мурдагы директору Турусбек Түмөнбаев 2023-жылы ноябрь айында кызматтан алынып, анын ордуна ушул жылдын январь айында Эмил Жамалов дайындалган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG