Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:51

"Ош" базардын жанындагы соода борбордон чыккан өрт өчүрүлдү


Өрт чыккан соода борбору. 25-март, 2024-жыл.
Өрт чыккан соода борбору. 25-март, 2024-жыл.

25-мартта Бишкектин Ленин районунун Чүй көчөсүндө жайгашкан “Эне өргөөсү” (“Ош” базардын маңдайындагы) соода борборунан чыккан өрт өчүрүлдү.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, өрттү өчүрүүгө жалпы төрт бөлүм тартылган. Кырсыктан жабыркагандар жок. Өрт эмнеден чыкканы азырынча белгисиз.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча 2023-жылдын 11 айында Кыргызстанда 3 116 өрт кырсыгы катталып, 29 адам каза болуп, жалпы 1 млрд сомдон ашык чыгым алып келген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG