"Кемпирабадчылар" сот залынан негизсиз чыгарылганын билдиришти

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып тергөө абагында жаткандар. Сүрөттөгүлөрдүн ичинен Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров үй камагына чыккан.

20-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурумда судья Марат Сыдыков шектүүлөрдү тартип бузду деген негизде сот залынан чыгарды.

"Кемпирабадчылар" соттук жараянга шектүүлөр Темир Махмудов менен Улукбек Маматаевдин адвокаты Асел Аргынбаева келбей калганына карабай, судья прокурорго айыптоо актысын окуй берүүгө уруксат бергенин, ага айыпталуучулардын адвокаттары менен өздөрү каршы чыкканын билдиришти. Ушундан улам судья шектүүлөрдү сот залынан чыгарууну чечкени кабарланды.

“Кемпирабадчылар” эч кандай тартип бузбаганын, залдан негизсиз чыгарылганын кабарлады. Жараян 27-мартта уланат.

Сот органдары бул билдирүүгө комментарий бере элек.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 9 киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (BTo)

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: Кубанычбек Кадыров үй камагына чыктыУкраина фронтто 80 жолу кагылышуу болгонун билдирди "Чет элдик өкүл": Оштогу бейөкмөт уюмдар президентке кайрылдыАба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтАкыйкатчы институту Сокулукта 13 жаштагы кыз зордуктоого кабылганын билдирди УКМК Аскат Жетигенге дагы бир эпизод менен кылмыш ишин козгодуИранда жылаңбаш жүргөнү үчүн кармалган активист аял сотко катышпай турганын билдирди