Оштогу 20дай бейөкмөт уюм “Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамына байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылып, жолугушууну суранды.
Кайрылууда бейөкмөт уюмдар аткарган билим берүү, бизнес, адам укугу жана социалдык долбоорлор Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошуп жатканы жазылган.
"Бир канча жылдар бою бардык иштер Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн, анын туруктуу өнүгүүсү үчүн жасалып келет. Биздин Кыргызстандын калкынын кызыкчылыгын көздөгөн демилгелер сырттан, чет мамлекеттерден каржыланган күндө да, биз эч качан бир дагы чет мамлекеттин өкүлү болгон эмеспиз жана боло албайбыз”, - деп айтылат билдирүүдө.
14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же "Чет элдик өкүл" деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынды. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына катышкан 66 депутат мыйзам долбооруна “макул”, беш депутат “каршы” добуш берди. Документ эми президентке кол коюу үчүн жөнөтүлөт.
Мыйзамга ылайык, “Чет элдик өкүл” деп таанылган уюмдардан кошумча отчёттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчёт берип турушу керек.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 14-мартта онлайн брифингде "Чет элдик өкүл" тууралуу мыйзам жарандык коомдун ишмердигине коркунуч жаратпайт деп билдирди. Байсалов мыйзам долбооруна карата айтылып жаткан сындар менен кооптонууларды четке каккан.
Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (СPJ) Жогорку Кеңешти Орусиянын репресивдүү мыйзамынын мисалында жазылган талаштуу мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырган. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм бул документ Орусиядагыдай эле “бир катар бейөкмөт уюмдардын жабылышына” түртөрүн эскерткен. (TSh)