Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:02

Украина фронтто 80 жолу кагылышуу болгонун билдирди


Херсон. Архивдик сүрөт.
Херсон. Архивдик сүрөт.

Украинада соңку суткада Орусиянын чабуулдарынан бир киши каза болгонун, бир нече киши жараат алганын 20-мартта жергиликтүү бийлик башчылары билдиришти.

Херсон облусунда жай тургундар жашаган кварталдар аткыланганын, көп кабат үйлөр, жер тамдар, административдик имараттар жана автоунаалар талкаланганын, эки кишинин өмүрү кыйылганын, беш киши жараат алганын облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Прокудин маалымдады.

Орусия Херсон облусунун айрым бөлүгүн оккупациялап алган, Украинага баш ийген бөлүгүн, айрыкча облус борборун дээрлик күн сайын аткылап келет.

Днепропетров облусунун башчысы Сергей Лысактын айтымында, 20-мартка караган түнү Синельников районунда беш киши жараат алды.

«Бир үй-бүлөнүн үйүн толук талкалап салышты. Жараат алгандар – 12 жана 19 жаштагы бир туугандар, 57 жаштагы атасы орточо оор абалда. 47 жаштагы аялдын абалы оор», – деп жазды Лысак Телеграмга.

Соңку суткада фронтто 80 жолу кагылышуу болгонун Украинанын Куралдуу күчтөрүнуң басма сөз кызматы билдирди.

Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда «Украина. 2024-жыл» форумунда сүйлөп жатып, Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбей жаткандыктан Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айткан.

20-мартта министр «Рамштайн» форматындагы жолугушууда өнөктөштөрдөн жардам жакынкы эки аптада тиет деген үмүт бар экенин айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG