Кемпир-Абад ишине байланыштуу айыпталып жаткан саясатчы Кубанычбек Кадыров үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты. Адвокат анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арыз менен кайрылган.
Учурда Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган 27 кишинин тогузу тергөө абагында калды. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылы октябрда камалган.
Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Ушундан улам сот жабык өтүп жатат.
Милиция аларга “бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып койгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.
Айыпталгандар мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап, сот жараяндарын ачык өткөрүүну талап кылып келишет. (TSh)