Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыз-келиндердин жүзүн толук жаап туруучу кийим кийип жүрүшүнө каршы экенин билдирди. 15-мартта Атырау шаарында өткөн Улуттук курултайда сүйлөп жатып чүмкөнүп кийинүүнү "радикалдуу таңуулоо" аракети деп атады.
“Соңку жылдары эл ичинде кара кийинип, чүмкөнүп жүргөн адамдар пайда болгону баарыңарга маалым. Алар – бөтөн эмес, өз жарандарыбыз. Элибиздин дүйнө таанымында кара кийим кийүү деген түшүнүк болгон эмес. Бул имитациядан жана ашкере динчилдиктен жаралган процесс. Биз өз салтыбыздан ажырабашыбыз керек. Радикалдуу неофиттер элибиздин каада-салтында болбогон кийим аркылуу коомго жат диний идеалдарды таңуулоого аракет кылууда. Бул биздин салттуу концепцияларыбызга жана баалуулуктарыбызга ачык кол салуу болуп саналат. Биз ата-бабаларыбыздын миңдеген жылдык диний таалимдерине жана руханий багыттарына таянышыбыз керек", - деди казак президенти.
Токаев мамлекеттин руханий көз каранды эместигин сактап, аны бекемдеш үчүн түрк элдеринин, анын ичинде казактардын көпчүлүгүнүн салттуу дини – сунни багытындагы ханафи мазхабына көңүл буруу зарыл экенин белгиледи.
Казакстанда 2019-жылы жүргүзүлгөн изилдөө калктын 92,8% өзүн диний адам деп эсептей турганын көрсөткөн. 2009-жылдагы эл каттоодо динге ишенген адамдардын 70% мусулман экенин, көбү ханафи мазхабын тутарын айтып беришкен. (RK)
Дагы караңыз
Чүйдө бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан келиндин сөөгү табылдыСадыр Жапаров Владимир Путин менен өз ара кызматташтыкты талкуулады Орусиянын Белгород облусу чабуулга кабылды, эки киши каза болдуКыргызстандан аркардын уругун жашыруун ташыган АКШ жараны соттолот