АКШнын Борбор Азиядагы жаңы стратегиясы
Eurasianet 14-мартта Орусия согуш сазына батып, Кытайдын экономикасы жайлап калган кезде АКШ Борбор Азияда таасирин бекемдөө аракетин көрүп жатканын, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө басым жасаганын жазды.
Макалада америкалык жаңы демилге тууралуу баяндалып, СССР ыдырагандан кийин региондо мыйзам үстөмдүгүн сүрөөнгө алууну биринчи орунга коюп келген Вашингтон эми беш мамлекет менен мамиле куруу ыкмасын өзгөрткөнү айтылат.
“B5+1 деп аталган жараян канчалык жемиштүү болору анык эмес”, - деп улантат автор.
Жаңы тактикада жакшы тескелген экономикалык системаны түзүүдө жергиликтүү ишкерлерди, компания жетекчилерин өкмөттүк аткаминерлер менен жакындан кызматташуусуна шыкак берүү каралаган. Андан тышкары борбор азиялык өлкөлөрдүн өз ара алака-катыштарын өнүктүрүү соода тоскоолдуктарын жоюуга салым кошору айтылган. Демилгеден майнап чыкса, АКШ аймакка көбүрөөк инвестиция салмакчы.
Маалыматка караганда, 14-мартта Алматы шаарында АКШнын колдоосу менен өткөн B5+1 форматындагы алгачкы форумга расмий адамдар жана бизнес өкүлдөрү катышты.
АКШнын Казакстандагы элчиси Дэниел Розенблюм ал кездешүүнү “Борбор Азияда жагымдуу ишкердик чөйрө түзүү” боюнча “(АКШнын) узак мөөнөттүү милдеттенмесинин” башаты деп сыпаттады.
Президент Жо Байдендин жардамчысы, Улуттук коопсуздук кеңешинин Орусия жана Борбор Азия боюнча бөлүм жетекчиси Николас Берлинер форумду ачып жатканда, Москва Украинага жок жерден кол салгандан бери регион геосаясий олку-солкулукка кабылганын айтып, “өзгөрүүлөр менен кошо мүмкүнчүлүктөр да пайда болорун” белгиледи.
Eurasianet иш-чаранын уюштуруучулары жана америкалык дипломаттарга шилтеме менен региондо күчтүү авторитардык саясий салт орногонун, мындай көрүнүш көп учурда менчик сектордун колун байлаарын жазат. Орусия жана Кытай да АКШнын бул демилгесине жөн карап отурбайт деген пикирлер жок эмес. Автордун айтымында, жыйындын биринчи күнүндө көмүскө экономика менен күрөшүү жолдору талкууланган жок.
Андан ары айтылгандай, Кыргызстандын экономика министринин орун басары Айнура Усенбекова B5+1 форматындагы жолугушуулар жыл сайын өткөрүлөт деп үмүттөнөрүн, Бишкек эмки жылкысын кабыл алууга даяр экенин билдирди.
Макалада ошондой эле бул экономикалык жараян C5+1 деген аталыш менен белгилүү АКШ - Борбор Азия кызматташуу платформасынын жемиши деп айтылат.
Орусия - Иран коридорунан пайда тапкан Азербайжан
NikkeiAsia 12-марттагы макаласында Орусия менен Индияны туташтыра турган деңиз маршрутуна кызыккан. Анда айтылгандай, санкцияларга туш болгон Москва альтернативалуу соода жолдорун издеп, сөз болгон планды ишке ашыруу аракетин көрүүдө. “Түндүк - Түштүк” эл аралык транспорт коридорунун узундугу 7200 километрди түзмөкчү. Санкт-Петербург шаарынан чыккан кемелер Ирандын түштүгүндөгү портторго токтоп, андан ары Мумбаиге жол тартат. Маалыматка караганда, Европаны кыйгап өткөн бул жол Жер ортолук деңиз жана Суэц каналы аркылуу өткөн маршруттан эки эсе кыска болот.
Орусия - Иран коридорунун негизги бөлүгү Азербайжан аркылуу өтөт. Басылма ал өлкөнүн Транспорт жана санарипти өнүктүрүү министрлигинен алган маалыматка ылайык, былтыр темир жол менен жүк ташуу 30%, кара жол менен 35% өстү. Ташылган жүктүн көлөмү жылына 30 миллион тоннага жетет деп күтүлүүдө.
Макалада айтылгандай, Баку бул максатта инфраструктураны жакшыртууга далалаттанып жатат. Алсак, Иран менен чек арадагы Аракс дарыясында темир жолду жана автотрассаны курууну, деңиз терминалын кеңейтүүнү көздөөдө.
Өткөн октябрда Баку менен Орусиянын чек арасын байланыштырган 4 тилкелүү жол ачылып, анын алдында бажы пункту да ишке кирген.
Журналист сөз болгон коридорду салуу планын Орусия, Иран жана Индия 2000-жылы эле макулдашканын, бирок азыркы геосаясий окуялар аны илгерилетүүгө өбөлгө түзгөнүн белгилейт.
Былтыр майда Москва менен Тегеран маршруттун жетишпей турган бөлүгүн толтуруу үчүн Ирандын түндүгүндө темир жол салуу келишимине кол койгон.
Йемендеги хусит козголоңчулар Кызыл деңиздеги соода кемелерин бутага ала баштаганы долбоорго көбүрөөк көңүл бургузду.
Макалада Москваны дрон жана башка аскердик жабдыктар менен камсыздап келаткан Иран дагы пайда табары айтылат. Азербайжандын Орусия менен жакындан кызматташуусу Армения менен жаңжалдашып келаткан Бакуга да пайдалуу болмокчу.
NikkeiAsia маектешкен армениялык эксперттердин бири “Түндүк-Түштүк” коридору “Азербайжандын Орусия үчүн стратегиялык маанисин арттырганын” белгилейт.
Макала автору ал долбоордун аркасы менен болуп жаткан геосаясий өзгөрүүлөрдөн чочулаган Ереван өз сунушун киргизгенин жазат. 2023-жылы күзүндө премьер Николь Пашинян “Тынчтык жолдорунун кесилиши” деген долбоорду тартуулаган. "Темир жол жана автожолдордун түйүнү аркылуу армян бийлиги Азербайжан жана Түркия менен чек араларын кайра ачууга үмүттөнөт", - деп жазат басылма.
Кыргызстандан аркардын уругун жашыруун алып келген АКШ жараны соттолот
Америкалык бир катар маалымат каражаттары Кызыл китепке кирген, Кыргызстандагы аркардын генетикалык материалын пайдалануу менен койдун жаңы түрүн чыгарууга аракеттенген АКШнын жараны тууралуу жазышты.
AFP агенттиги 12-мартта кабарлагандай, 80 жаштагы Артур Шубарт жапайы жаратылышка каршы кылмыш кылганын моюнга алды, эми ал абакка кесилиши мүмкүн.
Ал Монтанадагы чарбасында эмбриондорду клондоого аракеттенген. “Кызыл китепке” кирген бул жаныбардын салмагы 135 килограммга, мүйүзү бир жарым метрге жетет.
Ошол аркардын уругун ал кийин мындан да чоң койдун жаңы түрүн чыгаруу үчүн пайдаланган. Шубарт кийин ал койду аңчылык ранчолоруна сатууну көздөгөн.
АКШнын Юстиция министрлигинин ал ишти караган өкүлү Тодд Кимдин айтымында, андай схеманы ишке ашыруу менен Шубарт эл аралык мыйзамдарды жана жергиликтүү жаныбарлардын түрлөрүн коргоону караган Лейси мыйзамын бузду.
CBS анын Монтанада 215 акр (870 миңден ашуун чарчы метр) жери бар экенин, койдун жаңы түрүн чыгаруу иши менен 2013-жылдан бери алектенгенин жазды. АКШ бийлигинин маалыматына ылайык, аркарлардын генетикалык материалын Кыргызстандан ташып келгенде аны декларацияга жазган эмес. Эл аралык коргоого алынган бул жаныбарга жергиликтүү кой менен аргындаштырууга тыюу салынган. Монтана штатында мындай чектөө малдын ар кандай илдеттерин жана башка түрлөр менен аралашуудан коргоо максатында киргизилген.
Прокуратура аныктагандай, Шубарт ал генетикалык материалды лабораторияга жөнөтүп турчу. 2015-жылы бул максатта 4 миң 200 доллар төлөп, андан кийинки жылдын ноябрында 165 түйүлдүк алган да, ранчосундагы койлорго жасалма куут жүргүзгөн. Мамлекеттик айыптоо ага бир нече киши жардамдашканын, ветеринардык справкалар бурмаланганын билдирди. Шубарттын соту 11-июлга белгиленди. Ал күнөөлүү деп табылса, 10 жылга эркинен ажыратылып, 500 миң доллар айып пулга жыгылышы ыктымал.
The Washingtin Post гезитинин макаласында ошондой жол менен алынган бир койду Шубарт 10 миң долларга сатканы айтылат. Андан тышкары Техастагы эки киши 13 миң 200 долларга жергиликтүү тукум менен аргындашкан 11 кой алышкан.
Журналисттер адвокаты Жэйсон Холденге кайрылышканын, бирок жооп ала электигин жазышты.