Чүйдө бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан келиндин сөөгү табылды

Асел Жанарбек кызын издөө учуру.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 15-февралдан бери дайынсыз болуп жаткан 19 жаштагы Асел Жанарбек кызынын сөөгү 18-мартта Чүй каналынан табылды.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирип, келиндин сөөгү өлүкканага жеткирилип, соттук-укуктук экспертиза дайындалганын кабарлады.

Маркумдун жакындары милицияга арыз менен кайрылып, ал Кант шаарындагы үйүнөн 15-февралда чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтышкан. Ошондон бери аны издөө иштери жүрүп жаткан.

Буга чейин анын кийип жүргөн кийимдери менен уюлдук телефону Чүй каналынын жээгинен табылган. Асел Жанарбек кызынын жакындары бир катар маалымат каражаттарына ал үйдөн чыгып кеткен күнү жолдошу менен урушканын айтып беришкен. (BTo)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров Владимир Путин менен өз ара кызматташтыкты талкуулады Орусиянын Белгород облусу чабуулга кабылды, эки киши каза болдуУкраина аймагы зениттик ракета, дрон жана авиабомба менен аткыланды Фейсбуктагы пост үчүн айыпталган Асанов боюнча мурдагы өкүм күчүндө калдыНооруз майрамында Бишкекте борбордук көчөлөр жабылатКыргыз өкмөтүнүн өкүлү Газадагы аскердик аракеттерди токтотууга чакырдыИИМ санитардык полигонго тосмо коюуда мыйзам бузулганын билдирди Сот Аскат Жетигенди эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотту