Сот Адахан Мадумаровдун тарапташына 50 миң сом айып салды

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын камакта жаткан лидери Адахан Мадумаровдун тарапташы Орунбай Кыдыралиев Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айыпка жыгылды.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 13-мартта чыгарганын “Азаттыкка” аталган соттун басма сөз кызматы билдирди.

2023-жылдын 13-сентябрында Бишкек шаардык сотунун алдында Адахан Мадумаровдун бөгөт чарасы каралып жатканда тарапташтары митинг өткөргөн. Анда Орунбай Кыдыралиев да сөз сүйлөгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аны суракка чакырып, Биринчи Май райондук соту 21-сентябрда үй камагына алган. Ал коюлган айыпты четке каккан. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда 266 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жокПутин Навальныйды айырбаштоого макул болгонун айттыЖеке медборборлордо томографиялык изилдөө баасы арзандадыАскат Жетиген: Айткандарымды кылмыш деп эсептебеймКыргызстанда кызамыкка чалдыккандар 5,5 миңге чукулдадыБУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү "Чет элдик өкүл" мыйзамы боюнча тынчсыздануусун билдирдиГүлжан Шерипбаева 24.kg агенттигине байланышы жок экенин айттыЖурналист Гүлжан Шерипбаева 24.kg агенттигинин ээси, директору болду