Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:35

Журналист Гүлжан Шерипбаева 24.kg агенттигинин ээси, директору болду


Гүлжан Шерипбаева.
Гүлжан Шерипбаева.

24.kg маалымат агенттиги кайра каттоодон өтүп, анын ээси жана директору Гүлжан Шерипбаева болду. Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, агенттик 15-мартта кайра каттоодон өткөн.

Бул тууралуу 24.kg сайтынын мурдагы ээси Асел Оторбаева да, Гүлжан Шерипбаева да комментарий бере элек. “Азаттык” аларга бир нече жолу чалып байланыша алган жок. Оsoo.kg сайтындагы маалыматка ылайык, Асел Оторбаева 2017-жылдан бери 24.kg агенттигинин ээси жана директору болуп келаткан.

15-январда УКМКнын кызматкерлери медианын кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Ошол эле күнү агенттиктин ошол кездеги директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган. 24.kg агенттигинин кеңсеси 15-январдан бери жабык турат.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатат. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек.

Махинур Ниязова агенттиктин айланасындагы акыркы окуялар тууралуу Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, кызматтан кеткенин жана жетекчи эмне себептен алмашканы боюнча кенен маалыматы жок экенин билдирди.

Nazarnews сайтынын ээси жана журналист Гүлжан Шерипбаева былтыр ноябрь айында кармалып, кайра үй камагына чыккан. УКМК ага Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айып койгон.

Гүлжан Шерипбаева ага чейин социалдык тармактарда жана өзү иштеткен маалымат сайтта бийликти кескин сындап жүрчү. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовду колдогон билдирүүлөрдү жазып турган.

24.kg – Кыргызстанда интернет тармагында гана иш алып барган медиа. Ал 2006-жылы Юстиция министрлигинен маалымат агенттиги катары каттоодон өткөн. Негизинен кыска жаңылыктарды жазуу менен алектенген сайт, мындан сырткары, кенен макалаларды, журналисттик иликтөөлөрдү, фото-видео репортаждарды, графикалык жана башка форматтагы материалдарды жарыялап турат. Агенттиктин басма сөз жыйынын өткөрчү аянтчасы да бар.

Коомчулукта 24.kg маалымат агенттигин Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Бакчиевге да байланыштырып жүрүшөт. Атайын кызмат аны былтыр 25-октябрда кармаган. Биринчи Май райондук соту экс-депутатка Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен айып тагылганын кабарлаган.

Райондук сот Жаныбек Бакчиевди ден соолугуна байланыштуу деген негиз менен 14-мартта эч жакка чыкпоо тилкаты менен УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан чыгарган. (BTo)

XS
SM
MD
LG