Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Кыргызстанда 266 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдардын саны 40,2% азайганын билдирди.

18-марттагы расмий эсепке ылайык, министрликтин каттоосунда ушул тапта документи жок 266 бала бар. Бир жыл мурун 445 эле.

Министрликтин маалыматына караганда, ата-энесинин тек-жайын тастыктаган документи болбосо, алардын туруктуу каттоосу жок болсо, ымыркай үй шартында төрөлүп, ооруканага алып барылбаган учурларда балдар туулгандыгы тууралуу документ албай калат.

Мекеме бул көйгөй ата-эненин жоопкерчиликсиз мамилесинен улам болорун белгилеп, министрликтин аймактардагы бөлүмдөрү балдарга документ алууга көмөк көрсөтөрүн эскертти.

2019-жылы ЮНИСЕФ Кыргызстанда "Көрүнбөгөн балдар" деген өнөктүк жүргүзүп, 18 миң баланын эч кандай документи жок экенин билдирген. Бийлик өкүлдөрү бул сан расмий эсеп эместигин, маселени чечүү үчүн аракет көрүлүп жатканын билдирген.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 18 жашка чейинкилердин саны 2 миллиондон ашат. Алардын 47% жети жашка чыга электер.

Туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүгү жок баланы бакча да, мектеп да кабыл албайт. (SE)

XS
SM
MD
LG