Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Жеке медборборлордо томографиялык изилдөө баасы арзандады


Компьютердик томография аппараты. Иллюстрациялык сүрөт
Компьютердик томография аппараты. Иллюстрациялык сүрөт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) жеке медициналык мекемелерде томографиялык текшерүүлөрдүн баасы арзандатылганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, мындай чечим медициналык кызмат көрсөтүүдөгү баалар боюнча менчик медициналык мекемелердин катышуусунда өткөн жыйында кабыл алынды.

Жыйында элге көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтын сапаты жана алардын баасы талкууланып, жыйынтыгында томографиялык изилдөөлөрдүн бардык түрүнүн баасын 20%га чейин түшүрүү боюнча макулдашууга жетишти.

УКМКнын маалыматына караганда, макулдашууга «Юнит-Реактив Фарма», «Медипол», «Томэкс», «Шаншуй Силк Роуд Кейджи», «Альфа МЕД-ЛТД», «Берди», «Медипарк», «Гульмед», «Систем Озел Тыбби Йатырымлар ве Тиджарет», «Юрфа», «Авиценна», «Меди» жана «Веданта» менчик медициналык мекемелер кол койгон. Ал эми «Кортекс Неврологиялык борбору» 30% чейин төмөндөтүүгө макул болду.

УКМК медициналык менчик лабораториялардын жана башка мекемелердин кызмат көрсөтүүсүнүн баасын жөнгө салуу иштери уланып жатканын маалымдады. Коопсуздук кызматы ошондой эле менчик медициналык мекемелердин кызмат көрсөтүүсүнө көмөктөшкөн мамлекеттик мекемелерде иштеген дарыгер, медицина кызматкерлеринин иши да көзөмөлдөнүп жатканын эскертти.

УКМК март айынын башында бир катар медициналык лабораториялар кызмат көрсөткөн баасын 15 пайыздан 30 пайызга чейин төмөндөтүүгө макул болушканын билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG